Кирүү

Зайыптарды аео сезими

Зайыптарды аео сезими. Шариятта зайып затын өтө назик, жум-шак катары карайт. Ички, үй ичиндеги тиричиликти аткарууга гана бөтөнче шартташкан. Тышкы иштерди алыш-бериштерди жүргүзүү, т.а. табышкердик, үйге алып келип, бала-бакырага үлүштүрүүжеринен эле эркектердин энчисине басылган. Албетте, мындай бөтөнчөлүктөр үй-бүлө мүчөсүнүн ез милдеттерин айкындаган. Жашоо-тиричиликти кан­дай өткөрүү эркектердин кудуретине жараша чечилген. Мисалы, ка-сапчылык-эр бүлөгө таандык кесип. Малды жана башка айбанаттар-ды эч качан зайыптар мууздабаган. Балабы, чоңбу, эркек атгуу гана жаныбарларды кыбыланы каратып, келме келтирип, анан анын кур-мандыкка чалган. Аялдар жардамдашуусу - иче-карын артуу өңцүү түйшүктөргө алар тике катышат. Кийинчерээк мындай шарияттыкэре-желер бузулду. Малды союу, эртеден-кечке базарларда, кушканалар-да былчылдатып кескилеп, эт сатуу ургаачылардын кесибине айлан-ды. Аялдар жумшактыгын, назиктигин, энелик мээримин өнө-боюнан качыра баштады. Апынып-жулунуп, антип отуруу аялдын аялуу-жара-луу касиеттерин өчүрөт. Андай сапаттар акыры кара мүртөздүккө, эне­лик ыйыктыгынын жоюлушуна барып такалат.

Ой-пикирлер