Кирүү

Ыр менин өмүрүм

Артисттик өнөргө анча маани бербеген, ал кесипке ба рам деген уулкыздарына катуу каршы чыккан ата-энелер көп эле. Менин тагдырым деле ушундай болучу. Бирок, апам Чанканай ырдаганымды жакшы көрчү. Үйгө кишилер кел генде "ырдай гой" деп шыктандырып турчу. Атам көп көңүл бурчу эмес, кээде жактырбай да койчу, кийин артисттигиме да көп каршы болду. Бешалты жашымдан эле ырдаганды жакшы көрчүмүн. Бирок ал кезде азыркыдай радио, телевизор, кино, театр деген жок. Мамлекетибиз күчүнө кире элек экен.

Мектепте окуп жүргөнүмдө өздүк көркөм чыгармачылык ийримине аянбай катышчумун. Хор, жекече ырларды талбай ырдачу элек. 1929-жылы Кызкелиндер педтехникумуна кирип окудум. Кийин эркек балдарды да аралаштырышты. Эркек балдар менен чогуу окуйт деген эмне шумдук, деп таштап кеттим. Түшүнбөстүгүмдү карасаңар. 1933-жылы Ташкендеги финансы техникумунан окуумду уланттым. Не гедир анча көңүлүм чаппай койду. Эки жылдан кийин аны да таштадым. Эсидартым эле ырчы болуу.

Уктасам түпгүмөн, ойгонсом оюман кетпейт. 1936жьшы өздүк көркөм чыгармачылык ийримдеринин Республикалык биринчи олимпиадасы болду. Москвадан композиторлор — В.Власов, В.Фере, А Малдыбаевдер келип, комиссия түзүлүп, олимпиаданын жөңүүчүлөрүн тандады. Ошол олимпиада бир топ кыргыз кыздарынын багын ачты деп айтар элем. Тандалгандардын арасында белгилүү артис ткалар Д.Күйүкова, Б.Кыдыкеева, С.Күмүшалиева эжеңер да бар болучу. Биз ошондон баштап өнөр жолуна берилип түппүк. Анда бир гана театр бар. Театрдын 2 жылдык студиясына калты рышты. Башка кыздар драмалык артистикке көңүл коюшту. Мен ырдаган жагындамын. Андан эч тажачу эмесмин. Ал учурда окууга, билим алууга өтө ынтызар элек.

Биз үчүн күн түн бирдей болчу. Театрда башаягы отуз алты жыл иштедим. Опералык көп ролдорду аткардым. Өкмөтүбүз, калкыбыз эмгегимди жого ру баалады. "СССРдин эл артисткасы" деген ардактуу наам ды беришти. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы өнөр инсти тутунда окутуучу болуп эмгектенип жатам. "Шакирти жок уста — уста эмес" дейт эл. Таанымал таты накай ырчы балдар, кыздар өсүп чыкса деген аракетим чоң. Албетге, жеткинчектерим, силердин араңарда да ырга, му зыкага шыктуу балдар бар чыгар. Биз баскан жолду татык туу улантарыңарга абдан ишенем.

Ой-пикирлер