Кирүү

Ууру (жомок)

Илгери атагы чыккан ууру болуптур. Анын жалгыз бала сы бар экен. Баласы чоңойгондо атасы чакырып алып: Балам, мени сыйласаң, ууру бол. Мындан бөлөк кесип жок, дейт. Анда баласы капаланып: Ата, мени адам болсун десең уурулукка үйрөтпө, андан көрө адал эмгек кылайын, дейт. Ууру ачууланып: Атанын тилин албайт деген эмне жакшылык! Айтка нымдан кайтпайм. Бүгүн кошунанын уйун уурдап кел. Уур дабасаң ошондон аары жогол, дейт. Бала айласыздан макул болот да, кошунанын уйун эгинге алмаштырып келет. Бирок аны атасына айтпайт. Уйду союп алышат. Ата, бул этти жээрден мурда таразага түшүп алалы, эт түгөнгөндөн кийин кимибиз канча семирет экенбиз, ошону билели, дейт бала. Ошентип экөө таразага түшөт.

Эт түгөнгөндө кайрадан та разага түшүшөт. Атасы мурдагыдан 2 3 килограммга арыктап калыптыр. Ал эми баласы 5 6 килограмм кошуптур. Буга атасы таң калат. Таң кала турган эч нерсе жок, дейт бала. Сиз эт жеп жатканда ууфулугум билинип калбаса экен, деп коркосуз. Мен уйду сатып келгем, ошондуктан коркконум жок, жеге ним аш болуп, тамагым жакшы сиңди. Ар ким өз эмгеги ме нен гана адал жашай алат. Жеген да аш болот, дептир. Ошондо атасы уялып: Уурулук жаман иш турбайбы, балам, сенин оң жолго түшкөнүң жакшы, деген экен.

Ой-пикирлер