Кирүү

Устав

Устав – уюмдун, мекеменин, коомдун, жарандардын ишмердүүлүгүн, алардын башка уюмдар жана жарандар менен өз ара байланышын, мамлекеттик башкаруунун ар түрдүү чөйрөлөрүндө, чарбалык жана башка ишмердүүлүгүндө укук жана милдеттерин жөнгө салуучу эрежелердин жыйнагы. Уставдарды кандайдыр бир ишмердүүлүктүн чөйрөсү үчүн жалпы, мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун жогорку органдары бекитет. Коомдук уюмдардын уставдары ошол уюмдун съездинде кабыл алынат жана бекитилет. Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын уставдарыалардынжогорку башкарууоргандары (министрликтер, ведомстволор) же бийлик (федерациянын административдик субъектилери) тарабынан бекитилет.
Юридикалык жактын уставы анын уюштуруучулары (катышуучулары) тарабынан бекитилип, белгиленгентартиптемилдеттүү каттоодон өтүшү керек. Юридикалык жактын уставын түзүү жана жолжоболоштуруу тартибинин жалпы талаптары Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин биринчи бөлүгүндө тартипке келтирилген. Устав – уюмдун компетенциясын түзүү тартиби, анын иш-милдеттерин, тапшырмаларын, иш тартибин аныктоочу укуктук акт. Бул менчиктин ар түрдүү уюштуруу-укуктук формасындагы мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын ишмердүүлүгүндөгү негизги уюштуруучу иш кагазы. Бул уюмдун башка уюмдар, жеке жактар менен өз ара байланышын, анынишмердүүлүгүнүн багыттарынаылайык чөйрөдө укугун жана милдеттерин жөнгө салат. Устав милдеттүү иш кагазы болуп эсептелет, анын мазмунуКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:

Мекеменин, уюмдун, ишкананын, анын түрлөрүнүн аталышы;

Турган жери (почта дареги); Ишмердүүлүктүн предмети жана максаттары;

Мүлктү (же уставды) түзүүнүн тартиби;

Пайдаларды бөлүштүрүүнүн тартиби; Мекемелерди (уюмдарды, ишканаларды) түзүүнүн тартиби, ишмердүүлүктү башкаруунун жана токтотуунун тартиби;

Башкаруу органдары (ички уюштуруу түзүмү). Уюмдун (мекеменин) түрлөрүнө байланыштуу типтүү уставга башка маалыматтар кошумчаланышы мүмкүн:

Банктар үчүн – банк тарабынан иш милдеттеринин тизмеги;

Биржалар үчүн – мүчөлөрдүн максималдык курамы жөнүндө маалымат, аларды кабыл алуунун, укуктарынын, милдеттеринин тартиби, талаштарды чечүүнүн тартиби;

Акционердик коомдор үчүн – чыгарылган акциялардын категориялары жөнүндө маалымат, аны пайдалануу шарттары, ар бир катышуучунун үлүшүнүн өлчөмүн ж.б. камтууга тийиш.

Ой-пикирлер