Кирүү

Улуу Искендёр жана доктуру

Улуу Искендер сапарларынын биринде Орто Азиядан өтүп, Тарсус шаарына барыптыр. Шаардын ортосунан аябагандай муздак, таптаза дарыя акчу экен. Күңдүн ысыгына чыдабаган Улуу Искеңдер, чечине салып, мупмуздак сууга кирип кетет. Көп өтпөй абдан катуу суук тийип, ооруп, өлөйүн деп калат. Дарылардын баары ишке жарабайт. Искендердин өзүнө гана тиешелүү Филип деген доктуру ага өтө күчтүү да, өтө таасирдүү да бир дары жасайт. Улуу Искендер дарыны эми ичейин деп жатса, генералдарынын бирөө ага жашырын бир кат берет. Катта Ираңдын падышасы доктурду алдап, ага атайы уулуу дары даярдатканы, ал дарыны ичкен киши мүрт кетээри жазылган экен. Катты окуган Искеңдер, доктуру берген дарыны алып, жутуп жатып, катты доктурга берди. Көп өтпөй Искеңдер жакшы болуп кетти. Өзүнүн доктуруна ишенгендиги үчүн өзүн сактап калган эле.

Ой-пикирлер