Кирүү

Улуттук жана табият парктары. Кыргызстан

Улуттук жана табият парктары. Кыргызстан

АЛАРЧА УЛУТТУК ТАБИЯТ ПАРКЫ – мамл. тарабынан коргоого алынган аймак, улуттук парк. Кыргыз Алатоосунун эң бийик борб. бөлүгүнөн башталып, түн. тарапты карай созулуп жаткан Аларча капчыгайын ээлейт. Бишкек ш-нан 35 км түш. тарапта. Аянты 19,4 миң га. Деңиз деңг. 1600–4200 м бийиктикте; орт. бийикт. 3300 м. Паркты уюштурууга чейин капчыгай аркылуу Суусамыр жайлоосуна мал айдалчу жол өткөндүгүнө ж-а анда шаар калкынын чар жайыт эс алгандыгына байланыштуу, илимий жолго коюлбаган чарбалык пайдалануудан Аларчанын экосистемасы, айрыкча жаныбарлар м-н өсүмдүктөр дүйнөсү бир кыйла өзгөргөн. Парк Аларча капчыгайынын уникалдуу ландшафтын коргоо, табигый өсүшүнө ж-а калыбына келишине шарт түзүү, о. эле ал жерде калктын эс алуусун пландуу уюштуруу максатында 1976-ж. негизделген. Аларча жанаша жаткан капчыгайлардан табигый шарты б-ча бир топ айырмаланат. Кыргыз Алатоосунун негизги кыркасынан ажырап, түндүктү карай жапыздап, чыгышынан Аламүдүн, батышынан Жыламыш капчыгайларынан бөлүнүп турат. Капталдарын тик аскалар ж-а коргул таштар ээлеген капчыгайдын рельефи татаал. Жогору жагы төрлөр, жылгалар, тепши сымал өрөөндөр, аскалуу бийик чокулар м-н бүтөт. А. у. т. п-нын ж-а жалпы эле Кыргыз Алатоосунун эң бийик жери – Аламүдүн чокусу (4893,4 м) Аламүдүн айрыгында жайгашкан. Паркты курчаган тоолордо 60тан ашык чокулардын бийикт. 4000 мден ашат. Алардын маанилүүлөрү: Таажы (4866,7 м), Эркин Корея (4840 м), Мугалим (4500 м), Текетөр (4444 м) ж. б. Бул чокулар тоо туризминин ж-а альпинизмдин өөрчүшүнө шарт түзөт. Климаты жагымдуу. Күн тийүү узактыгы Ысыккөл курорт зонасынан калышпайт (жылына 2100–2700 с.). Январдын орт. темп-расы –7,8°С, июлдуку 12,2°С. Жылдык орт. жаан-чачыны 540 мм. Аларчанын төрлөрүндө (3500 мден жогору) жайгашкан мөңгүлөрдүн жалпы аянты 53,6 км2. Ири мөңгүлөрү: Голубин (Жиндисуу), Аксай, Текетөр, Топкарагай, Туюк, Адыгине ж.б. Алардан шар аккан, шаркыратмалуу суулар башталат. Жай мезгилинде Аларча

ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК АБАЛЫ 305 суусунун орт. чыгымы (4,17 м3/сек) 5–10 эсеге артат. Ландшафттына бийиктик алкактуулук закон ченеми мүнөздүү: тоо этегинде (адырларда) талаа, андан жогору токой-талаа-шалбаа, субальп, альп ж-а гляциалдык-нивалдык алкактары. Өсүмдүктөрү да башка капчыгайлардан өзгөчөлөнөт. Аларчадагы тяньшань карагайы коңшулаш капчыгайларда кездешпейт, ошондуктан ал коргоого алынган. Андан сырткары арча (сары арча, түркстан арчасы, жапалак арча), кайың, четин ж. б. да өсөт. Айбанаттары: тоо эчки, илбирс, түлкү, карышкыр, элик ж. б.; канаттуулары: кекилик, чил, улар, көгүчкөн, бактек ж. б. Коргоого алынгандан кийин мурда жоголуп бараткан сүт эмүүчүлөр кайра коё берилди. Токойду калыбына келтирүү максатында карагай, арча ж. б-дын көчөттөрү отургузулууда.

БЕШТАШ ТАБИЯТ ПАРКЫ 1996-ж. Түн.-Батыш Кырг-ндын табигый комплексин ж-а биол. ар түрдүүлүгүн коргоо максатында уюшулган. Парк Талас өрөөнүндө, Талас Алатоосунун түн. капталынын борбордук бөлүгүн ээлейт. Парктын аянты 32411 га. Аймагында татаал өсүмдүктөрдүн 800дөн ашык түрү кездешет, а. и. 28 түрү токой м-н бадалдар. Жаныбарлары: элик, түлкү, суусар, арыс, чил, илбирс, түркстан сүлөөсүнү, кумай, ителги, көк жору ж.б. Бешташ суусунда жилингир бар. Табият паркында жакынкы жылдарда калктын ж-а чет элдик туристтердин эс алуусу уюштурулган. Бирок, эс алуучулардын, айрыкча чет элдик туристтердин саны азырынча чектелүү.

КАРАКОЛ УЛУТТУК ТАБИЯТ ПАРКЫ. Тескей Алатоонун түн. капталында, Ысыккөл өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. 1997-ж. Каракол капчыгайынын уникалдуу табигый комплексин коргоо максатында уюшулган. Аянты 38256 га. Негизги максаты: Түн.-Чыгыш Кыргнга мүнөздүү болгон өсүмдүктөр м-н жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, табигый сакталышына ж-а калыбына келишине, о. эле ал жерде калктын ж-а чет элдик туристтердин эс алуусуна шарт түзүү. Өсүмдүктөр дүйнөсү 700 түрдөн туруп, а.и. 80 даракбадал өсүмдүктөрү өсөт. Жаныбарлары: элик, түлкү, суусар, арыс, тоо эчки, чие ж.б., мындан сырткары Кырг-ндын Кызыл китебине кирген илбирс, кумай, ителги, көк жору, бүркүт кездешет. Парктын кооз түрдүү ландшафты туристтерди ж-а эс алуучуларды өзүнө тартат, бирок зарыл туристтик инфраструктуранын жоктугу эс алуучулардын, айрыкча чет элдик туристтердин келишине тоскоолдук кылат.

КАРАШОРО ТАБИЯТ ПАРКЫ 1996-ж. уюштурулган. Фергана кырка тоосунун түш.-батыш капталындагы минералдуу булактар чыгып, токой, шалбаа өсүмдүктөрү жакшы сакталган аймакты камтыйт. Аянты 845 га. Паркта Батыш Теңиртоо м-н Памир – Алай тоо системаларына мүнөздүү уникалдуу токойлор (карагай, жаңгак-жемиш, арча), бийик шалбаа өсүмдүктөрү, бадалдар ж-а алардын арасында көп түрдүү жаныбарлар бар. Келечекте Карашоронун кооз ж-а бай табиятынын, минералдуу сууларынын базасында калктын эс алуусун уюштурууга болот.

КЫРГЫЗАТА ТАБИЯТ ПАРКЫ 1992-ж. уюштурулган. Алай кырка тоосунун түн. капталындагы арча токойлорунун жакшы сакталган уникалдуу массивдери тараган орто бийик тоолуу аймакты камтыйт. Аянты 11172 га. Паркта Памир – Алай тоо системасына мүнөздүү өсүмдүктөр, жаныбарлар корголуп, жакынкы жылдарда коңшулаш Фергана өрөөнүндөгү калктын эс алуусу уюштурулмакчы.

ЧОҢ КЕМИН УЛУТТУК ТАБИЯТ ПАРКЫ 1997-ж. өзгөчө экологиялык ж-а эстетикалык жактан баалуу табият комплекси, токой, өсүмдүк м-н жаныбарларды коргоо максатында уюшулган. Парк Чоң Кемин өрөөнүнүн түш.-батыш тарабында жайгашкан. Аянты 126514 га. Улуттук табият паркынын негизги максаты Түн. Кырг-нга мүнөздүү табигый сакталган ж-а өзгөртүлгөн маданий ландшафттардын уникалдуу ареалдарын коргоо. Парк рекреациялык, агартуу, илимий ж-а маданий жактан пайдаланылат. Татаал өсүмдүктөрдүн 700 түрү кездешип, анын 80ден ашыгы дарак-бадал токойлору. Жаныбарларынан элик, тоо эчки, аркар, суусар, арыс, чил о. эле, Кырг-ндын Кызыл китебине кирген илбирс, марал, түркстан сүлөөсүнү, бүркүт, ителги, көкжору ж.б. кездешет. Парктын аймагында Шабдан баатырдын мавзолейи бар. Парктын жанынан Бишкек – Торугарт автомобиль жолу ж-а Бишкек–Балыкчы т. ж. өткөндүктөн эс алуучулардын ж-а чет элдик туристтердин келишине өтө ыңгайлуу.

Автор: Кыргыз энциклопедиясынын башкы редактору Ү. Асанов

Ой-пикирлер