Кирүү

Улуттук кийимдер. Кыргыздардын улуттук кийимдери

УЛУТТУК КИЙИМДЕР

Байыркы замандардан бери эле ар бир улуттун өзгөчөлүгүн билдирген улуттук кийим - кечелери болуп келген. Мындай салт-санаа кыргыз элине да тиешелүү. Кыргыз элинин улуттук кийимдери аркылуу жаш өзгөчөлүктү, куракты да аныктоого болот. Маселен, жаш кыздардын баш кийими - топу. Ал секелек кыздардын кыймыл-аракетине, жаш өзгөчөлүгүнө ылайыкташкан. Ал эми шөкүлө - турмушка даяр болгон бойго жеткен кыздардын назиктигин, кыймыл-аракетиндеги ийменүүчүлүктү, уяңдыкты, токтоолукту билдирип турат. Ал эми элечек - орто жаштан өткөн аялдарга тиешелүү болуп, алардын жаш өзгөчүлүгүн көрсөтүп турат.

Кийим - адамдын денесин тышкы чөйрөнүн ар кандай жагымсыз таасирлеринен коргоочу буюмдардын жалпы аты. Кийим элдин чарбалык-маданий жашоосуна жана жашаган чөйрөгө ылайыкталган. Кийимге жүн, тери жана кездеме пайдаланылган. Кийимдин жаңы түрлөрү байыркы кийимдерди биротоло сүрүп чыгарбастан, аларды толуктаган.

Кыргыздарда кийимдер эркектики, аялдыкы, балдардыкы болуп жыныс, жаш курактарына карата бөлүнгөн. Кыз-келиндер өңү ачык, түстүү кездемелерден кийинген. Аялдардын кийимдери жаш өзгөчөлүктөрүнө карата ар кандай кооздуктар, оймо-чиймелер менен көркөмдөлгөн.

Жортуулга кийилүүчү кийимдер айрыкча орунду ээлеген. Тарыхый маалыматтар боюнча кыргыздын төбөлдөрүнүн кийимдери жалпы элдикинен сапаты, кооздуктары боюнча гана айырмаланып, жалпы белгилери окшош болгон.

Калпак - эркектердин баш кийими. Кыргыз эли калпакты жасоонун ыкмасын жогорку деңгээлге жеткиришкен. Калпак бийиктиги, тигилиши, кооздолушу менен айырмаланган. Калпакка агыш (боз), кызгылт түстөгү кылчык жүн керектелген. Кийизи абдан бышык басылган. Жөнөкөй калпак кийизден төбөсү бийик (чокчогой), этеги тегерек бычылып, оймо-чийме тушүрүлбөй, төбөсүнө чок (чачы) чыгарылбай, ичтелбей (астарланбай), бир гана тигиш менен бириктирилип жасалган. Тигиш жагы калпактын маңдайы болгон. 18-кылымдын экинчи жарымына чейин калпактын төбөсү жапызыраак эки талаа болуп бычылган. Талаалардын кошулган жери тыбыттан ийрилген жип, же өрүлгөн кыл менен милтеленип, чети кыл, шоона менен кооздолуп саймаланган, төбөсүнө чок тагылган. Этегин кайрып коюу үчүн калпактын эки жеринен тилик калтырылган. 19-кылымдын экинчи жарымынан калпак мурдагыдан да жапыз бычылып, жээги 7-12 сантиметрдей кездеме менен көбөөлөнүп, төбөсүнө чок чыгарылып, жээктерине жана талааларына сайма түшүрүлүп, ичтелген (астарланган). Кал­пак жаш өзгөчөлүктөргө жараша тигилген.

Шөкүлө - күйөөгө чыгуучу кыздын үйлөнүү үлпөтүндө кийүүчү баш кийими. Шөкүлө шоңшогой (конус) түрүндө тигилет. Кыргыздарда шөкүлөнүн бир нече түрү кездешет. Анын жердиги абдан жакшы бышырылган ак кийизден тигилип, үстү саймаланып, шуру басылып, чокусуна, капталдарына үкү же тумарчалар тагылган. Шөкүлөнүн экинчи түрү ортосуна жүн салынып шырылып, сырты кызыл же кызыл кочкул манат, нооту баркыттан тигилген. Ар түрдүү өңдөгү матадан же кийизден, ичтелип, кулакчыны кундуз, суусар, түлкү, кулун өңдүү аң жана мал терилери менен кыюуланган.Үчүнчү түрү баркыттан шырылып, төбөсүнө же каптал тарабына тоту куштун, кыргоолдун, каркыранын, үкүнүн канаттары тагылып, төбө алкагы күмүш, маңдайы маржан, бермет, алтын менен аземделип көркөмдөлгөн. Шөкүлөнү адатта кыз тарап жасаган. Кыз күйөөсүнүн айылына келгенден кийин шөкүлөнү чечип, элечек кийген. Шөкүлө кийинчерээк салт боюнча кыздын ата-энесиникине кайтарылып берилген (ал сиңдилерине сакталган).

Ой-пикирлер