Кирүү

Үч көпөлөк

Үч көпөлөк

Кызыл, сары, ак үч көпөлөк дайыма гүлдөн-гүлгө конуп күндү шаңдуу өткөрүшчү экен. Күндөрдүн биринде үчөө адатынча ойноп жүрүшкөндө жамгыр төгүп кирет. Үчөө жаандан корголоо үчүн жакын жерде өсүп турган лилия гүлүнө учуп барышып:

- Лилия, бизди жамгырдан корголой турчу?! Канатыбыз суу болуп, жакшы уча албай калдык, - деп суранышат.

- Ак көпөлөк мага окшош экен. Ошону корголойм. А силер башка жай издегиле, - дейт берки эки көпөлөккө.

- Ай-ий, сен курбуларымды сактабайт турбайсыңбы. Сага коргологондон көрө буларга кошулуп суу болгонум артык, - деп ак көпөлөк учуп кетет.

Андан соң көпөлөктөр сары жоогазынга учуп жетишип, жаандан корголоосун өтүнүшөт.

- Мен сары көпөлөктү эле корголойм. Анткени анын түсү мага окшош экен, - дейт жоогазын.

Сары көпөлөк ага көнбөйт да, учуп кетет.

Андан соң көпөлөктөр розага учуп келишип, өтүнүчүн айтышат. Роза:

- Кызыл көпөлөк, сен мага окшош экенсиң. Кел, сени жаандан сактайм, - дейт.

- А бул эки досум эмне болот?! Мен буларды талаага таштабайм! – деп кызыл көпөлөк учуп кетет.

Көпөлөктөр менен гүлдөрдүн маегин уккак күн сур булуттардын арасынан сурулуп чыгып:

- Ай, көпөлөктөр, силер аябай ынтымактуу экенсиңер. Ушул калыбыңардан жазбагыла. Ынтымактуу болсоңор гана баарын жеңесиңер, - деп алардын суу болгон канаттарын кургатат.

Көпөлөктөр күнгө рахмат айтып, кечке гүлдөгөн бактарга конуп ойношот. Ал эми роза, лилия, жоогазынга жакын жолобой коюшат. Ошондо үч гүл көпөлөктөргө жасаган мамилелерине өкүнүп, соолуп кылышыптыр.

Ой-пикирлер



2021-02-16
Айхан Сарыбаева
Макала абдан жакшы