Кирүү

Үч бир тууган жөнүндө жомок

Илгери-илгери Африкада бир үч бир тууган жашаптыр. Бир күнү алардын атасы өлүптүр. Бир туугандардын улуулары буга М кайгырбаптыр. Эң кичүүсү болсо таң атканга чейин атасынын жаткан жеринде отуруп алып тынбай ыйлайт. Күн чыгып келе жатканда уйкусуздуктан жана чарчаганынан көзү илинип кетет. Берки эки агасы анын төшөктүн жанында уктап жатканын көрүп, сүйүнүп кетишет: Мейли, уктай берсин, биз мурасты өз ара бөлүп алалы. Ач көз агалары иниси уктап атканынан пайдаланып аны алдоонун амалын кылышат. Алардын бири өзүнө үйдү жана талааларды, ал эми экинчиси болсо, короону жана малды бөлүп алышат. Инилери уктап турган соң аны шылдыңдай башташат: Ээ, биз эмне кылалы. Мурасты бөлүп атканда сен уктап калдың. Уйкуну сага мурас кылып бердик, дешет. Бүтүн айлындагылар кичүү бир тууганга жасалган мындай адилетсиздикке абдан кайгырышат. Бирок бала камаарабайт. Улуу агалары бүтүн күн бою талаада иштеп жүрүшсө, ал бир көлокөгө жатып алып уктайт. Күн аябай ысык, иш болсо, абдан оор эле. Кеч кирер замат улуу агалар бирдеке шам-шум этип алышып бири бөлмөдө, бири болсо короодогу үймөк чөптүн үстүнө чыгып уктамак болушат. Эң улуу агасы болмөдө эми эле таттуу уйкуга кирген кезде, кичүү иниси түрткүлоп ойготот: Тур, мурасты бөлүштүргөндө уйкуну мага бергениңерди унутуп калдыңбы? Берки агасын да түн ооп калганда ойготуп: Ойгон... ойгон дейм. Уйкуну мага бергенсиңер. Ошентап бала бир туугандарын бир канча күн бою эч уктатпаптыр. Кичүү бир тууган иштебейт. Күнү бою уктайт, түнүчүндө болсо эки агасын кайтарып уктатпайт экен. Алар бир аз көздөрү илинсе эле болду: Ээй, уктамак жок, уйку меники, деп тура калат экен. Айылдагы эл да кичинекей баланы жакташат: "Сооп болот ушуларга, кичүүсү кичине уктап калды деп мурастан куру калтырышкан. Кандай жазаласа да акысы бар" дешет. Акырында улуу бир туугандар ушунчалык тажап, уйкусуздуктан иштей албай турган болушуптур. Айыл аксакалдарына барып, бул ишке бир чара табууларын өтүнүшөт. Аксакалдар болсо, мурастын кайрадан туура бөлүнүшү, ар кимдин өз үлүшүн алышы керек экенин айтышат. Алардын айтканы аткарылып, ар ким өз үлүшүн алат.

Ой-пикирлер