Кирүү

Тырмак алды

Тырмак алды. Бул - эмгектенип, мээнеттенип, маңдай тери, таман акысы аркылуу тапкан маянасы, үзүрү, ошого тете табыл-гасы. Сез тырмак алды жонунде болгондуктан, анын төркүнү кы-раан куштардын жашоосу эске келет. Алардын тырмактары ете курч болот. Мисалы, буркут уусуна акырын уу тырмагын маты-рат. Ителги уусун кереер замат жер менен жапыс баратып, ас-манга атылып чыгып, куушурулуп келип тебет. Демек, уу тырма-гы уусунун денесине кире тушет. Балапандарга да езу кармаган айбанатын ушинтип жедирет. Т.а. тулку же карышкырды буркут алса, бир тырмагы менен жамбаштан, бир тырмагы менен ооз-дон кемечтеп алат да, экеену бириктире кабыштыра кармап, эсин оодарып, анан тумшугун салат, жешке умтулат. Саятчылар бала-пан бүркүттү тир аркылуу таптайт. Ал - тирүү түлкү, коен. Мына ошону ага керсетет. Ал учуп барып, тиги тирүүнү басып калат. Башка жырткыч куштар алына жараша аңын алууга машыгат. Б.а. тапка кирет. Ток этээр жерин айтканда, "Тырмак алды", бул -тырмак алды тапканы. Сез етме мааниси мына ушундан улам калат. Азыркы шартта бала биринчи эмгек акысын ата-энесине алып келип берсе же ошого тете бирдеме таап келсе, ошол анын "тырмак алды тапканы" десек болот.

Ой-пикирлер