Кирүү

Тынымсейит

Генеалогиялык уламыштарда тынымсейит тобунун түпкү теги бугу уруусу менен байланыштырылат. Алардын жалпы түп атасы, Тагайдын чөбүрөсү Мырзакулду аташат. Ушуга байланыштуу кыргыздардын этникалык курамына тийиштүү болгон бардык булактарда тынымсейит тобу саны жагынан көптүк кылган бугу уруусунун бир бөлүгү катарында каралат. Бирок, биздин пикири- биз боюнча, тынымсейит тобунун ата-теги башка экендигин жана аны өз алдынча уруу катарында бөлүүгө болорун ырастай турган даректер аз эмес. Муну, баарынан мурда, тынымсейит тобунун улуу муундарынын өкүлдөрүндө алардын бугу менен жалпылыгы жөнүндөгү ачык-айрым бир пикирдин жок экендиги далилдеп турат.

Муну, ошондой эле, тынымсейиттердин азыр жайгашып турган жана өткөндө алардын көчүп-конуп жүргөн жерлери ырастайт. Тынымсейиттер бугулуктар конуп-көчүп жүргөн аймактарга жакын турушканы менен, алар толук өз алдынча болушкан, муну Ч. Валихановдун эскертүүсүнөн да көрүүгө болот47 . Тынымсейиттердин тобу Кытайдын коңшу райондору менен тыгыз байланышы болгон. Бугулуктардын көчүп-конуп жүргөн жерлерине өзү барып, бугу уруусунун структурасын кылдаттык менен иликтеп чыккан В. В. Радловдун анда тынымсейит бөлүкчөсүнүн бар экенин белгилебегенин кокустук деп эсептөөгө болбойт48 . Тынымсейиттер бир туугандар Кабелини (же Каабелини), Шалтакты жана Мортукту өзүлөрүнүн түпкү ата-бабалары деп эсептешет. Акыркысын кээде Кан Мортук же Каммортук деп аташат. Мортуктун тукумдары бир кыйла көп санда болгон, ошондуктан Мортуктун уулдарынын ысмы менен аталган Токтогул менен Жаманак тынымсейит уруусунун негизги бөлүкчөлөрү болуп саналат. Шалтак бөлүкчөсүнүн саны бир кыйла аз (3-сүрөттү кара). Уламыштарга караганда Токтогулдун 9 уулу болгон. Уруулардын ортосундагы жаңжалдардын натыйжасында токтогул бөлүкчөсү бүт бойдон Батыш Кытайдын чектеринде жашап турган, ал жакта Токтогулдун 5 уулунун тукумдары азыркы жайгашып турган аймакка көчүп келишкен. Аларды бул жердегилер көпкө чейин калмактар же калмакылар деп аташкан49 . Токтогулдун калган төрт уулунун тукумдары, сыягы азыркы Сыньйзяндын аймагында калышса керек. Алардын тагдыры жөнүндө так маалыматтар жок.

Тынымсейиттердин негизги бөлүгү узак жылдар бою Нарын дарыясынын түндүктү карай Он-Арча өзөнүнө чейинки аралыкта, Тянь-Шань облусунун Нарын районунун аймагында, азыркы орун алып турган айыл-кыштактарда жашайт. 1913- жылы алар Пржвальск уездинин Он-Арча болуштугунун калкын түзүшкөн. Алар 1200 кожолук болгон. Бул жакта тынымсейиттердиин кыштоолору Миң-Булак, Оттук, Арчалы-Суу, Оро-Башы, Баш-Нура, Орто- Нура, Эчки-Башы, Кытайчы, Сары- Булак, Ичке-Суу, Кыз-Мазар, Ийри-Суу, Кара-Суу өзөндөрүндө жана башка жерлерде жайгашып турган.

Ой-пикирлер