Кирүү

Түзөтүү-эмгек колониясы

Түзөтүү-эмгек колониясы

Түзөтүү бул - эмгек мекемесинин негизги түрү. Анда эркинен ажыратууга соттолуп, жазасын түзөтүү-эмгек колониясында өтөө белгиленген жашы жеткен адамдар кармалат. Түзөтүү-эмгек колониясында соттолгондорго түзөтүү-эмгек мүнөзүндөгү чаралар- эмгекке тарбиялоо, жалпы жана кесиптик билим берүү, ар түрдүү саясий-тарбия иштери жана башкалар жүргүзүлөт. Жазаны анын түрүнө жараша өтөө жана соттолгондордун тигил же бул тобуна түзөтүү-эмгек мүнөзүндөгү тийиштүү чараларды колдонуу максатында түзөтүү-эмгек колониясы төмөндөгү түрлөргө бөлүнөт: жалпы, күчөтүлгөн, катаал, өзгөчө тартиптеги колониялар, абайлабай кылмыш жасандар үчүн колония-тургун жай, атайылап кылмыш жасагандар үчүн колония-тургун жай, оңолуу жолуна түшкөндөр үчүн колония-тургун жай (ССР Союзунун жана союздук республикалардын түзөтүү-эмгек закондорунун негиздери, 23-статья, СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1985-жылы 2-апрелдеги указында кайра редакцияланган – "СССР Жогорку Советинин ведомосттору",1985, № 15, 252-статья, 1-бөлүк,1-п.). Жазанын кандай тартиптеги колонияда өтөлө тургандыгы сот өкүмүндө көрсөтүлөт. Аялдардын түзөтүү-эмгек колониясында эркинен ажыратуу жазасын өтөө төмөндөгү тартипте: ашынган рецидивист аялдар, о. эле өзгөчө коркунучтуу мамлекеттик. кылмыш жасаган аялдар – катаал режимдеги колонияга, абайлабай жасаган кылмышы үчүн биринчи жолу соттолгон аялдар – абайлабай кылмыш жасагандар үчүн колония-тургун жайга, атайылап жасаган кылмышы үчүн 5 жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгон аялдар – атайылап кылмыш жасагандар үчүн колония-тургун жайга калган соттолгон аялдар – жалпы тартиптеги колонияга кесилет. Оңолуу жолуна түшкөндөр үчүн колония-тургун жайда жалпы же катаал тартиптеги колониялардан мыйзамда белгиленген тартипте которулган аялдар жазасын өтөйт.

Эркектер түзөтүү-эмгек колониясында эркинен ажыратуу жазасын өтөөгө төмөндөгү тартипте: абайлабай жасаган кылмышы үчүн эркинен ажыратууга соттолгондор – абайлабай кылмыш жасагандар үчүн колония-тургун жайга: анча оор эмес, атайылап жасаган кылмышы үчүн 5 жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгондор: – атайылап кылмыш жасагандар үчүн колония-тургун жайга, анча оор эмес, атайылап жасаган кылмышы үчүн 5 жылдан ашык мөөнөткө биринчи жолу соттолгондор – жалпы режимдеги колонияга, оор кылмышы үчүн биринчи жолу соттолгондор – күчөтүлгөн тартиптеги колонияга , өзгөчө коркунучтуу мамлекеттик кылмышы үчүн соттолгондор же мурда да эркинен ажыратуу жазасын өтөгөн кылмышкерлер катаал тартиптеги колонияга, ашынган рецидивисттер, өлүм жазасы мунапыс же кечирим берүү тартибинде эркинен ажыратуу жазасына алмаштырылган – өзгөчө тартиптеги колонияга кесилет.Оңолуу жолуна түшкөндөр үчүн колония-тургун жайда – эркинен ажыратуу жазасынын мыйзамда белгиленген бөлүгүн өтөгөндөн кийин жалпы, күчөтүлгөн, катаал тартиптеги колониялардан которулгандар жазасын өтөйт. Соттолгондор жаза мөөнөтүнүн бардыгын эреже катары бир гана түзөтүү-эмгек колониясында өтөшөт.

Түзөтүү-эмгек колонияларынын ар кайсы түрлөрү соттолгондорду кармоонун шарты(баарынан мурда, соттолгондорго уруксат берилүүчү жолугушуулардын, посылкаларынын саны, о. эле колониянын ичинде ары-бери жүрүү эркиндигинин даражасы ж.б.) боюнча бири-биринен айырмаланат. Жүрүм-туруму талаптагыдай болуп, ак ниеттүү эмгектенген соттолгондорго жаза мөөнөтүнүн кеминде жарымын өтөгөндөн кийин шарты жакшыртылат: аларга тамак-аш продуктуларын жана зарыл буюмдарды алуу үчүн кошумча акча берилип, кошумча жолугушууларга (кыска же узак) уруксат кылынат. Колония-тургун жайларынын соттолгондорду кармоо шарты калган түзөтүү-эмгек колонияларынан олуттуу айырмаланат. Бул колонияларда соттолгондор эртеден кечке колониянын бүткүл аймагында эркин жүрө алат, көзөмөл менен , бирок кайтаруусуз кармалат. Соттолгондор администрациянын уруксаты менен колониядан чыгып, республиканын, крайдын же областтын аймагында көзөмөлсүз жүрүүгө укуктуу (бул алар аткарган жумуш же окуу үчүн зарыл болсо): алар граждандык кийим кие алат, жанына акча же балуу буюм алып жүрүшү мүмкүн, акчаны чектөөсүз пайдалана алат, алар үчүн кат, посылка алууга, жолугушууда чек коюлбайт. Турак жай шарты мүмкүндүк берсе , соттолгондор администрациянын уруксаты боюнча колониянын аймагында үй-бүлөсү менен чогуу жашап, турак үйгө ээ болушу, өздүк чарба күтүшү мүмкүн.

Ой-пикирлер