Кирүү

Туз көмгонсүп

"Туз көмгонсүп".Бул өлүккө карата айтылат. Адатта, адам бул жарык жана жалган дүйнөдөн коз жумаары менен алыс-жакындары-на кабар айтат. Алардын келип топурак салуусу тийиш. Айрымдарга кабар ез учурунда жетпей, алгач болуусу же кабар айтылбай, унутта калуусу ыктымал. Мындай шартта, тотен, кабар айтылбагандардын ич-ара таарынычтары болот. "Ал - атасын туз комгенсуп", "Кемпир кемгенсуп", "шашылып эле коюп", "жумурай эл-журтка кабар айт-тырбай" сымал сездер айтылат. Ошондуктан илгери алдуулар ушун­дай ойлорду укпоо үчүн, мисалы, атасы же ардактуу кишилери кыш-күрөөдө казасы табылса, аны жай жерине коюп, ак кепинден, аруу жууп, кара ашын берип, жаназасын окутуп, озунчо боз үйгө жаткы-зып, күзөтчүлөрдү коюп, "училигин", "жетилигин", "кырк ашын" өткөрүп, куранын түшүрүп, кыштата жол-жоболорун кылып, жаз чы-гаары менен терт дубан элге ат чаптырып, атайын кабар айттырып, ардактап-даңазалап коюла турган.

Ой-пикирлер