Кирүү

Түркстан

Түркстан – 19-к–20-кылымдын башында түрк элдери жашаган Орто Азияны, Казакстанды, Борб. Азиянын бир бөлүгүн камтыган аймактын тарыхый-геогр. аталышы. Шарт-туу түрдө үчкө бөлүнгөн: 1. Батыш же Орус Түркстан (Россия империясынын Орто Азиялык ээлиги, Казакстандын Түштүк бөлүгү); 2. Чыгыш же Кытай Түркстан (азыркы Синьцзяндын түштүк бөлүгү); 3. Ооган Түркстан (Ооганстандын түндүк провинциялары). Батыш Түркстан аймагында 1865-жылы Арал деңизинен Ысык-көлгө чейинки аймакты камтыган Түркстан облусу түзүлгөн. 1867-жылы Батыш Түркстан аймагында Түркстан генерал-губернаторлугу түзүлүп, 1886-жылы Түркстан крайы аталган. 1918-жылы апрелде Батыш Түркстан аймагында Түркстан АССРи түзүлгөн (борбору Ташкен). 1924–25-жылы Орто Азия Республиканын улуттук-мамлекет бөлүнүшүнөн кийин Түркстан Орто Азия термини менен алмаштырылган.

Ой-пикирлер