Кирүү

Түрк уруулары

Түрк уруулары

Жаппастан сегиз уул болду, улуусу Түрк аталды. Атасы Жаппас оо дүйнө кетер алды улуу уулу Түрктү ордуна дайындады. Ошентип Түрк ата өзү баштап тогуз уулу падыша болду. Түрк ичинде тогузду ырасым тутмак ошондон калды. Түрк акылдуу, адептүү адам эле. Атасынан соң көп жерди көрдү, акыры бир жерди жактырып анда турду. Бу күндө ал жерди Ысык-Көл дешет, эли жердеген жайын Түркстан дешет, түп атабыздын ысымынан калды.
Эми түрк уругу Кытай, Жапан, Манжур, Кашкар, Букар, Стамбул, Кырымдан тартып, ызгарлуу тундүккө чейин таралган. Ортосунда болгонубуз үчүн бизди Орто Азиялык дешет.Түркоо дүйнө кетер алдында уулу Түтүктү өз ордуна коюп, барса-келбес сапарга көчтү. Түтүк да акылдуу, дөөлөттүү падыша болду. Тамакка туз татыткан сымал Түрк ичиндеги көп ырасымды ошол чыгарды. Эки жүз жыл өмүр сүрүп, атасынын артынан а да кетти.

Адигинеден он урук: сатар, баргы, бөрү, көкчө уулу, олжоке, тооке, сабай, жору, ардай, мөнөк делет. Бул туугандарга 1914-жылы 23-мартта бардым, көрдүм. Үч атасын айтып бергендер дээрлик калбаптыр. Биздин тарапта үч атасын билбесе, "кул" деп уят кылышат. Же сарт болуп шаарга кирип маданиятташпай, же окуп билим албай, адашкан кыргыз болуптур. Жору уругунан мударис Жунус дамбылда деген кыргыз болуп туруп, кыргыз болгонуна өзү өкүнүчтө экен. Сарт бол деген жерим жок, илимдүү болуу — өз салтыңды сактоо деген кеп. Билим деген жалгыз намаз окуп, орозо тутуу эмес, замандын ал-жайынан да кабардар болуп туруу. Молдо Абдысатар казы Мурат ажы уулу деген айтат: — Беш жыл болду,— дейт,— казы болгонума. Суракка келген адамдардан сурасам аталаш туугандарды мындай кой, өз атасынын ысымын зорго айткандар бар. Бир курдай эки кыргыз тууганым аталарынын да атын билбейт, Кудайкул, Абдыкул деген ысымдарды өзүм коюп туруп өкүмүн чыгардым. Биздин кыргыздын салт-санаасын жоготкону ушундан маалым болбойбу?! — деди.

Өзү кыргыз, Акбуура деген уруктан экен, жакшы адам көрүндү. Дагы Алымбек медресесинин мудариси Кожо Амантур уулу Хатим деген бар, өзү теке уругунан, "эл" дегенде жанын берген ачык ойлуу жан экен. Жалаң кыргыз деп дегдеген кыялын ушундан билиңиз; жалгыз өзү кыргыздын тарыхын жыюуга киришиптир, акыры айласы куруганда токтотуптур. Баргы уругунан Алымбек деген хан болгон, Кокон шаарында. Бу адам Ош шаарына бир зор медресе салдырган. Букар медреселеринин порумунда. Абасы таза, бийик орунда. Ош шаары таман алдында көрүнот. Ошо Алымбектен Абдылдабек, Маамытбек, Баатырбек, Асанбек, Камчыбек — беш уул. Абдылдабектен Мурзапаяс, Камчыбектен Пайзула. Алымбектин катыны, ушу балдардын энеси Курманжан өмүрү өткөнчө Алымбектин ордуна датка болуп олтурду. 1911-жылдарда дүйнөдөн өттү. Курманжандын сүрөтүн салып, ал жайын баяндап, орус акимдери орусча тарых чыгарышты. Көрсө тарых пайдалуу жана керек экен.

Биздей караңгы калк капарсыз уктап жатканда тарых билген орустай билимдүү элдин жасап атканын көрдүңбү! Дагы ушу Ош шаарындагы, так Сулайман тоодогу ылган Бабыр паашанын каадим жайы экен. Андан калган асарда Ош шаарында Жаннат-Арык деген тоо түбүнөн кеткен арык Бабырдын каздырган арыгы экендиги айтылат. Ал тарых фарансузча, немисче, орусча эче мертебе басылган. Тарых билбеген соң, Ош адамдары таш шекилдүү бу шаарга ким келип, ким кеткенин кайдан билсин. Жалгандан жалган эле "так Сулайман" деп ашык болуп элди алдоо эмей эмне?! Пайгамбарым айтыптыр: "Илим изде, билим куу, жалган айткан акмак үммөт болбо, аалым бол, наадан болбо",— деп. Дагы азирети Аалы айтыптыр: "Аалимуа валадикум лаззамани гайри заманикум",— деп. " Балаңды окут. Заманыңда жана башка заманда боло турганды айт, же келээр замандан кабар бер" дегени. Бу азирети балдарын ошого үйрөткөн. Биздин өмүрүбүз жалганда алдоо менен күн өттү. Балдарым силер да "бутак Сулайман, бу жерден баш ооруң айыгат, бу жерде адам тилегин Алла кабыл кылат" дегенге ишене бербе. Андай болсо ошол шайыктар неге өзүлөрү бай болбоду, оңбоду? Китепке амал кылбай, тоого, ташка мазар деп сыйынып өмүр өткөрүш акмактык. Нечен аалымдар бар көзү тирүү, барсаңыз илим үйрөтөт, акыл үйрөтөт, китепке амал кыл деп айтат. Андан качканда кайда барабыз?! Таң калам да, калам!

Тарых, Кыргыз Шадмания

Ой-пикирлер