Кирүү

Түргөш кагандыгы

Түргөш кагандыгы – 704–766-жылы Иртыштан Сырдарыянын ортоңку агымына чейинки аймакты ээлеген мамлекеттик бирикме. Батыш Түрк кагандыгы кыйрагандан кийин түргөштөрдүн мамлекет пайда болгон. Түргөштөр "он ок элинин" дулу конфедерациясына киришкен. Алар "сары" жана "кара" урууларына бөлүнүшүп, төбөлдөрү өз ара атаандашып турушкан. Үч-Элиг кагандын тушунда (704–706) Суйаб ш. башкы борбор катары жарыяланып, бийлик таасири Чыгыш Түркстанга чейин тараган. Кыргыз мамлекет, тибет башкаруучулары, түрк кагандыктары менен согуштук-саясий жана башкалар келишимдер түзүлгөн. Үч-Элигдин уулу Сакал кагандын (706–711) тушунда мамлекет бийлик бир топ чыңдалган. Ал ички жана тышкы душмандарга каршы ийгиликтүү күрөшкөн. 710-жылы күчөп бара жаткан Чыгыш Түрк кагандыгына каршы Кыргыз мамлекет Кытайдын Тан династиясы, Т.к. кирген үчилтик коалициясы түзүлгөн. Бул Чыгыш түрктөрүнүн умтулууларына чоң тоскоолдук болгон. 712–738-жылы Т.к. Орто Азияга батыштан басып кирген араб баскынчыларына каршы чечкиндүү согуштардын негизги тиреги жана уюштуруучусу болгон. Түргөштөр Мавераннахрдагы согду калкы менен бирдикте баскынчы арабдарга каршы сокку уруп турган. Ортоңку Сырдарыя, Фергана, Талас, Чүй, Ош өрөөндөрүн арабдар басып алышкан эмес. Өзгөчө Сулу (Сулук Чабыш-чор) каган бийлеген чакта Т.к. гүлдөп- өсүүгө жетишкен. Өлгөндөн кийин уулу анын Тухварсендин (738–739) тушунда түргөштөр ич ара жиктелип, такты үчүн тирешүүлөр курчуган. "Сары" түргөштөрдү жетектеген Бага-Таркан Фергана, Чач (Ташкен), Кеш жана Кашкардагы Тан сулалесинин акиминин колдоо-су менен кара түргөштөрдү жеңет да, өзүнө Күл-Чор Бага- таркан каган (739–744) наа-мын алат. Ички күрөш мамлекетти алсыратып, натыйжада кагандыкка мурда таандык болгон батыштагы бир катар ээликтер арабдардын кол астына өтө баштаган. Оболу уйгурлар менен ынтымакта болуп, Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгына каршы чыккан алтайлык карлуктар Орхондогу бийликти уйгурлар толук ээлеп алгандан кийин аларга каршы чыгышкан да, Теңиртоого көчүп кетишкен (746). Түргөштөр аларга да, кытайлык Тан сулалесинин айрым баскынчыл жүрүштөрүнө да тиешелүү жооп бере алышкан эмес. Ошол доордо йагмалар да уйгурларга каршы чыгып, Ички Азиядан Теңиртоонун чордонуна (Нарын аймагына) че-йин көчүп келишкен жана аларды түргөштөр өз ымаласына тартышкан. Енисейдеги чиктер менен этностук байланышы бардыгы божомол кылынган чигилдер да Теңиртоого дал ошол 8–к-дын ортосундагы элдердин журт которуу маалында келген. 748-жылы Суйаб ш. убактылуу Тан сулалесинин баскынчы аскерлеринин өкүмү алдында калат. Борбордук Азияда эң ири эки мамлекет – Тан сулалеси менен Араб халифтиги өз ара тирешип турушкан. Алардын эң чечкиндүү салгылашуусу 751-жылы Талас суусуна жакын Атлах деген ш-дын жанында болуп, кытайлыктардын ар-миясы катуу жеңилип, көп аскери кыргынга учурайт. Арабдар деле Жетисуу чөлкөмүн ала алышкан жок, бирок бул Таластагы (Атлахтагы) тарыхый салгылашуу жергиликтүү калктардын арабдар тарабында согушкандыгынын гана күбөсү болбостон, Кытайдын таптакыр артка чегинишинин жана ал түгүл Чыгыш Түркстанды да жергиликтүү түрк калктарынын пайдасына колдон чыгарышынын доорун баштап берген. Теңиртоолук түрктөр өз маданиятында Чыгышка (Кытайга) караганда, Батыш Азиядагы цивилизацияга биротоло ык салышы да ушул салгылашуудан соң бекемделди. Т.к. Енисейдеги Кыргыз кагандыгы менен узак мөөнөттүк саясий ынтымакты түзгөн, аны менен соода алакаларын гана эмес, элчилик байланыштарын жүргүзгөн. Чыгыш Түркстан аймагында түргөштөр Уйгур кагандыгы (744–840) менен атаандашып турган, ошондуктан Енисейдеги Кыргыз кагандыгы менен мурдагыдай эле согуштук-саясий ынтымагын улантууга аракеттенген, кыргыздардын Тибет менен соода алакалары үчүн жол коопсуздугунун кепилдигин түргөштөр (кийинчерээк – алардын бийлигин тартып алган карлуктар да) өз мойнуна алган.

Ой-пикирлер