Кирүү

Түлкү, жолборс, аюу, карышкыр

Түлкү, жолборс, аюу, карышкыр

Жолборс, карышкыр, түлкү, аюу - төртөө жолдош бодду. Тапканын ортого салып, оокат кылмакка убада кылышты. Анан келе жатышып алар төөгө кезигишти. Төөнү да "бизге жолдош бол" деп төртөө кошуп алды.

Узак жол жүрүшүп, курсактары ачты. Түлкү буларга масылат кылды:

- Ии, бул төө ынанса, баасын он койго чегерелик. Жазында ар бирибиз экиден кой десек, бул турган төртөөбүз сегиз кой беребиз. Эки кой өзүнө эсеп болсун, ушуну менен баасы тынат,-деди. Бул сөздү түлкү баштап, төөнү карызга соймокко, ага бурулушту:

- Төртөөбүздөн сегиз кой ал, экөө өзүңө эсеп. Эби келсе сени соёлу, жазында койду алып магдырап жатып каласың. Койду бооз, кысыр дебейбиз, колго тийгенин беребиз! Койлор бооз чыгып калса, төлү менен он алты болот. Козулары сенин пайдаң, мындай пайда эч жерден чыкпайт,- деп түлкү деле шек билгизбей жубатты. Төө ойлонуп: "Бул көп олжо экен, булардын коюн алыш керек",-деп өзүн он койго баалап, тартайып чөгүп, мойнун сунуп, көзүн сүзүп жатып берди.

"Кылыйган кыраан түлкү, жүргөн жери күлкү, бул төө-түлкү акемдин мүлкү" деп, этин бешке бөлүп: бир бөлүгүн жолборско, бир бөлүгүн аюуга, бир бөлүгүн карышкырга ыйгарып, бир бөлүгүн өзүнө чыгарып алды. "Төө куру калабы" деп бир бөлүгүн түлкү төөгө бөлдү да, өзүнө тийиштүү этке кошуп койду. Бөлүктөн ашып калган төөнүн бөйрөгүн Түкөң тымызын култ эттирип алды. Карышкырга бирөөн алыңыз деп ишарат кылып турганда, аюу саксайып "жүрөгү жок го" деп, ы-ыңк" этти.

Дардайып тура калган Жокең:

-Төөнүн бөйрөгү кана?-деди. Түлкү "Бөрү жеп койду окшойт" дегенсип кыйыгы менен ишарат кылды.

Каары келген жолборс бөрүнү бир чаап өлтүрүп таштады. Аюу, жолборс эттерин бөлөк жыйып коюп, тамашага кетти. Алар келгенче түлкү акең карап турабы, төөнүн этин бүт бойдон бир үңкүргө бекитти. Бир убакта аюу менен жолборс келди да:

- Эт кана?-дешти. Буга түлкү:

- "Эмитен жаңжал кылып жүргөн немелер мага кийин кой береби?"-деп төө айнып туруп кетип калды,- деди. Аюу менен жолборс буга ынанып калышты. Түлкү аларды алагды кылып ээрчитип, бир заңгелге алып барды да жолборско кайрылды:

-Атаң ыраматылык ушул капчыгайдын тигил өйүзүнөн бул өйүзүнө секирип чыгып кетүүчү эле кайраның! Сен өтө албайсыңго, коркок көрүнөсүң! Жолборс "бул эмне?" дегендей аны кекээрдүү тиктеп, дардайып жөнөдү. Мактангысы келди окшойт, жүгүрүп келип баягы заңгелдин башына ыгдырылып тура калды. Түкөң жалынга май тамызгандай кылды:

Чамынганы, басканы, сын-сыпаты атасы ыраматылыкка окшош. Аттиң ай, азыраак коркогу болбосо, атасынын эле өзүн тарткан экен!.. Атаң ашкан эр эле, качыргандан кайткан эмес, кармаганын куткарган эмес. Бет алган жагынан эзели кайра тартпай түйүлгөн боюнча секирип кетээр эле, жүрөгүң тайкы дебейин, бирок жаштыгын да! - Ошондо Жокең далдаңдап түйүлүп калган тура.

Анан күркүрөгөн бойдон таштан ташка тийип, бели сынган жолборс өлдү. "Жокемдин сөөгүн таза жерге коем" деп, түлкү кийин этин жемекке зыңыйта жашырат. Жанында жалгыз гана аюу калды. Түлкү мындан башкасын амал менен өлтүрүп бүтүрдү.

"Эми аюу акеме кезек келди го, мунун да эсебин табайын" деп ойлонду. Жаткан жеринде катып койгон эттен кыйыбын таап, түлкү акең аюуга көрсөтпөй, аста-секин жей берди. Аны аюу билбейт, ачка кесээрип алсыроодо.

Аюу уктай албай жатса, -түлкү кыртылдатып бир нерсе жегендей болот. Анда аюу түлкүгө муңдуу кайрылат:

- Ээ, түлкү дос, сен эмне жеп жатасың?

- Ээ, аюу балбан, чыдай албай, ачкалыктын азабынан өз ичимди жарып, чучугумду жеп жатам. Ачкалык азап тура.

- Андай болсо мен да өз чучугумду чубап жесем болобу?

- Болбой эмне, сен деле мендей жан турбайсыңбы, чучугуңду чубап жей бер. Эртең эле айыгып калат. - Аюу чымырканып бир тиштеп тартты, өзүнүн ичи ооруганына чыдай албай жаны чыга жаздады.

- Ээ, түлкү дос, өзүмдү-өзүм тиштегендей этим ооруп чыдай албадым, сен кандай амал менен жеп жатасын?

- Сен анын эбин таба албайсың, мен оорутпай кең оюп, чучугуңду чубап чыгарып берейин.

Аюу тартайып чалкасынан жатты. Түлкү тумшугун салып, аюунун ичинен чучугун сууруп алды. Ичи жарылып онтоп, жаны көзүнө көрүнгөн неме өлүп калды.

Аюунун, жолборстун, бөрүнүн, төөнүн этин түлкү акең жалгыз басып калды. Четинен жеп, ою менен уктап, эриккенде этке кирип, суусаганда суу ичип, жыргалда жүрдү. Калыңдыгы карыш казы алды.

Аяр түлкү, алы эчтемеге жетпейт. Эси чыгып чочуп жүргөн, токтоно албай качып жүргөн жырткычтын баарын жолго салып, жылас кылды. "Эми бүргөнүн азабынан кутулайын" деп, бир кийизди тиштеп алып сууга барды. Аста-секин куйругун сууга салды. Бүргө куйругунан качып жонуна келди. Жонун сууга салды эле, жонунан үркүп мойнуна барды. Түлкү мойнун сууга салды. Бүргөлөр үркөп оозуна тиштеген кийизге жабышты. Түлкү кийиз-ди сууга таштап: "Бүргө неге кутурдуң, эми сенден кутулдум"-деп чычайып жолго түшкөн экен.

Ой-пикирлер