Кирүү

Түгөлсай археологиялык комплекси

Түгөлсай археологиялык комплекси – Жумгал районунун, Түгөлсай айылынын жанындагы 10– 12-кылымдарга таандык 6 шаар чалдыбары жана 1–10-кылымдарга тиешелүү 2 байыркы көрүстөн. Имараттын калдыгы, жыгач табыт, карапа сыныктары, малдын сөөгү жана башкалар табылган. Бул жерде металл өндүрүү кыйла өнүккөн. Шаарчанын айланасында темир эриткенден калган шлактар, кыш бышырган жерлер арбын. 1958–59-жылы П.Н.Кожемяко изилдеген.

Ой-пикирлер