Кирүү

Төштүк аюуга жолукту

Андан ары жол жүрсө,
Мунарыктын алдында,
Бурч токойдун жанында
Өкүргөндөн бакырат,
Адамча сүйлөп бир аюу:
"Оой Төштүк!" -деп чакырат.
Үстү камыш, асты ор,
Чубама экен, жалгыз жол,
Олоңдогон ал аюу,
Орго түшкөн кези экен.
Ошо түшкөн чуңкуру
Асты балчык, бети муз,
Аюу жатып кайгырган,
Чыгамын деп бечара
Тырмагынан айрылган.
Анча Төштүк барбаса,
Жан кыйналып кыстоону
Көрө турган болуптур.
Айбандары тил сүйлөп,
Адам ай, кызык мынабу уш,
Ал аюуну көргөндө
Элемандын Төштүгү,
Көзүнүн жашы төгүлүп,
Көңүлү кетип бөлүнүп,
Караргандан түнөрүп,
Сырттан баатыр Төштүктүн,
Бакырлык келди башына.
Аюуну жууду жашына.
Жеринен экен бул бакыр.
Жолунан азган бул жакыр.
Кырк кулач кыр арканды
Аюуга таштай салганы.
Ала коюп арканды,
Аюу белге байлады,
Арстандыгы абыдан
Андай-мындай дегиче
Ачып-көздү жумгуча,
Ордо калган аюуну
Дароо сууруп алганы.
Самсалаңдап сабылып,
Аюу сүйлөйт адамча
Эр Төштүккө жалынып:
"Өлгөн жанды тиргизип,
Өчкөн отту тамызып,
Кылдың мага ырайым
Карып болгон аюудан
Бүгүн кетти убайым.
Чамам келип ал жетсе,
Сизге кызмат кыламын.
Башыңа кыйын иш түшсө,
Маңдайыңда турамын.
Айтканым ушу билип ал,
Сырттаным Төштүк, тилимди ал!"
Аюунун айткан сөзүнө
Арстан Төштүк көндү эми,
Сырттанына ал аюу
Мурутун жулуп берди эми.

Ой-пикирлер