Кирүү

Төркүндөрүндө суутуп коюптурбу

Төркүндөрүндө суутуп коюптурбу.Ички башкарууда, башка-лар менен мамиле түзүүдө жеке басарлар бар. Анда кайын эне, кайын сиңди өңдүүлөрдүн таасири күчтүү болот. "Эч чыкты", "Куу сөөгүн теңсинбейт" өндүү сөздөр ж.б.лар аркылуу үй-бүлөчүлүктө ырк кете баштайт. М.а. уулу жакшы - келини жонсүз, уул-келин ынтымактуу, бирок, үйдөгүлөргө жакпайт сыяктуу көрүнүштөр ички жашоо-тиричиликти иритет. Келин бирөөнүн алмончок баласы, баш-калардай ата-энелерин, бөбөктөрүн, туулган жерин, элин, тууган-уруктарын ж.б.ларын сагынат. Туз буюруу, нике кайып болуу.Мына ушундай кырдаалда, бир кокуй, кайын журту, үй-ичи теңсинишпей, "төркүндөрүнө суутуп коюптурбу?!" -дешет. "Суутуп коюптурбу -палоо басып, күтүп туруптурбу?" - деген сөз. Арийне, андай шарт-та кыз төркүндөрүнө барууда.

Биринчиден, кой союп, анын чыпчыргасын коротпой бышырып, боорсок, татымалдарын камдап, кымыз көрөңгүлөтүп, бозо кордоп, кайындарынан жолдош ээрчитип барууну эңсейт. Бул келген жери-нин бакубатын билдирүүсү.

Экинчиден, достон коп душман бар. Баланчанын кызы келиптир. Антип келиптир, минтип келиптир, айыл-апага мактоого алынат. Ке-шикти төркүндөрү эл алдына коет.

Үчүнчүдөн, кой союлат, төркүндорү кызы үчүн баарын жасашат. Мындан ээрчитип келгендери ичтен ыраазы болуп, жадырап-жайнап отурушат. Аларды ойдогудай жөнөтүшөт. Келип, түшөөрү менен кай­ын журтуна даңазаланат. Келиндин баркы-баасы мында бир арты-лат. Тескерисинче-төркүндөрүнөжибербөөсү.

Биринчиден, келинин тереңинде сүйбөөсү, тең куда болбоосу, теңине албоосу.

Экинчиден, алардын оюнда: "Башканы алып бермек. Уулу кый-раткансып, ушуну ала качып келип отурбайбы?"

Үчүнчүдөн, сарандык жатат. Аны антип төркүндөрүнө жөнөтүп турууга эчтекени ыроо көрбөйт. "Теңибиз эмес", "биз деген мындай-быз", "биздин чойро башка"...

Төртүнчүдөн, кокуй кайын энелер да бар. Чепейип отуруп алып, бирөөлөргө тыңсынат, сын тагат. Салтты-наркты бйр гана ошол билчүдөй өзүн асмандатат. Келин-кесектери менен ынтымагы жок, кайра аларга капкайдагы аттарды коюп, өзүнө кас кылышат.

Ой-пикирлер