Кирүү

Топурактын эрозиясы

Топурактын эрозиясы

Топурак жер кыртышынын өсүмдүк өсүүчү үстүнкү катмары болуп саналат. Анын негизги белгиси жана кассиети бул - асылдуулук. Жер бетиндеги тирүү организмдердин дээрлик көпчүлүгү топуракта же анын үстүндө жашайт. Өсүмдүк топуракка, анын жылуулугуна, нымдуулугуна, суу режимине таасир этет. Өсүмдүк топурактан азот туздарын жана гүл заттарын сиңирип алат, ал тиричилик токтогондо кайра топуракка түшөт. Ал жерде чирип, кайрадан минерал заттарга, азот туздарына ажырайт. Ошентип, заттардын биологиялык айланышы жүрөт. Топурак айыл чарбасында негизги өндүрүш каражаты болуп саналат. Топурак катуу, суюк, газ абалындагы бөлүкчөлөрдөн турат. Топурактын катуу бөлүгүн түрдүү минерал жана органикалык заттар түзөт. Алардын арасында боштуктар болот. Боштуктар топурактын көпшөктүгүн калыптайт. Топурак көңдөйчөлөрүн суу жана аба ээлейт. Анын суюк бөлүгү өсүмдүктү суу жана эриген азык зат менен камсыз кылат. Топурактагы газ абалындагы бөлүгү тиричиликке зарыл азоттон, кычкылтектен, көмүр кычкыл газынан турат. Ал эми топуракта жашаган бактериялардын тобу аны микрофолорасы деп аталат. Топурактагы негизги кубулушта, топурактын пайда болуу процесси аба, суу режимине байланышкан.

Ой-пикирлер