Кирүү

"Тон жылуусун ээси билет"

"Тон жылуусун ээси билет". Тон - жандыктын, кийиктин түктүү терисинен тигилген сырт кийим. "Тон кеп кийилсе, жылуусу кетет" - дейт. Адатта, уй ээси дейли, бала-чакасынын, үйдөгү малы-жанынын, ал турсун тууган-уруктарынын, айылдаштарынын сырын, ал-абалын, кулк-мүнөздөрүн талаптагыдай тааныйт. Ошого карата апды-бердиси, кимге кандай мамиле жасашы ыктымал, макал мааниси ушул жагына чаап турат.

"Уздан учукартат". Уз-жумшакбуюм-тайымдарды кармоочу чебер. Бардык иш ийне аркылуу бүтөт. Бычып-тигүүдө еөн-бучкак чыгат. Кээде жердиктен артып да калат. Кимдин буюм-тайымын жасап жатса, ал буюм ээси артканын езу деле берет, аны бирдемеге уз жаратып алат. Бул салт жеринен бар. Калган еен-бучкактардан (еен - кездемеде, бучкак - териде болот) курак буюмдары жаралат.

"Устадан шакирти отуптур". Шакирт - устанын комурун очүрүүчүсү, коорүгүн басуучусу, күжүсүн күйгүзүүчү, б.а. жардамчысы. "Жүро-жүро кобойтүп, жүгүргонмүн тайымдан" -дегендей, таалим-тарбия жаш чактарынан оң таасир берүүчүсү аркылуу күлүктон күлүк чыгат, онордон енор жаралат. Устадан уста, уздан уз таралат. Биринен бири үлгү алат. Заманына карата канткени менен жол корсоткон адамы ага сыймыктуу, сыйлуу нас"аатчысы, ардактуу адамы болуп, ошол бойдон кала берет.

"Эсепчини да жут алат". Илгери ай-жылдардын кандай болоорун алдын ала айткан элдик астрономиктер да жаралган. "Бул жылы кыш жылуу, жаз каат, жайы салкын болот". "Жем-чоп камдагыла, кышынын моюну узун келет" Тескерисинче, "мал-жан кыштан оюн салып чыгат", "үроондү түштон мурун сеп, туштон кийинки үроон үшүп кетет", "эртең кечинде кун жаайт", "түндо үшүк алат" ж.б.у.с. боолголорду алдын-ала берүүчүлер, билүүчүлор болгон. Албетте, андай айтуучулардан да жаза кетүүлор бар. Аны журтчулук "эсепчини да жут алат" - дейт. Жут - малга-жанга каатчылык келген учур.

"Араба сынбасын, өгүз өлбөсүн". Ат араба бар, өгүз араба бар. Ат араба огуз арабадан ылдам журот. Жол арбыйт, огуз араба кылдырап, жай жүрөт, мүмкүн болушунча жер арбыйт. Ошого карата иштери бутот. Турмуш озу араба, эптеп-септеп кор тиричилик, күйпүл жашоо ото берет. Демек, ушундай жагдайларга моюн сунуп, өзүнүн күнүңдү өзүң көрө берүүң керек.

2. Кара жанды кыйнабай, алынып-жулунбай, иштеп эмне кыласың, акырын өнөктүгүң, ото берсин, анча эле жинигип, кайда барасың, кай муратка жетесиң-деген ой жатат.

"Жалкоого күн кечкирбейт". Жалкоо - эч бир нерсени жасоого моюну жар бербеген бекерпос адам. Жатыпичээрлер, жанбактылар, жел жутуп отургандар. Албетте, андай адамдардын жашоосу ото супсак болот. Адам эмгек этсе, бир нерсеге шыктанса, ал тарапты беттесе, кызыгуу аркылуу көзгө көрүнүүчү, көңүлгө тете болуучу бирдемелерди жаратса, анын убайын, үзүрүн корот. Аларга убакыт жетишпейт. Күндүн батышы, таңдын атышы тез отот...

"Тууй элек уйдун уузун күтүп". Ар иштин башталышы жана аякталышы бар. Аткарылуучу жана аткарылбоочу аракеттер болот. Бир максатты коздогон адам анын натыйжасына ишенет. Талапсыз эле, айкын максатсыз эле ай. караган текедей болуу, эч качан ийгилик алып келбейт. Болбогон эле иш үчүн талаптана берүүдөн майнап чыкпайт.

"Балам, балалуу болгондо билээрсиң". Ата-эне балалуу болгондо оз ата-энелерин баа жеткис эмгегин, түйшүгүн, баркын билет. "Атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада". М.а. ар адам оз баласы учун кам корот. Өмөчөктөйт. Аны дүйнөгө алып чыккан ата-эне аргасыздан ушул макалды айтууга мажбур болот. Бала - ата-энеге милдеттүү. Бирок, кийинки чактары кайрымсыздар арбын, "ой, эптеп жашап кетсин, оз оокатын өзү кылсын" - дечүлөр баладан бирдеме үмүтөтпөйт. Кайра ата-эненин колун карайт. Ата-эне кыйбайт, а бала өзүнүн балдарына да ошондой мамиле кыла баштайт.

"Атын атаса, куту сүйүнөт". Куту мүйүз, жыгач, темир сандыкча, үкөкчө. Ага алтын, күмүш же анын нускалары салынат. Куту- "кут" -дегенден келип чыкса керек, себеби, куттушуу бакыт. Бактылуу болуу—ошол үйдүн пейили. Ар үйдө кут бар. Ал үй-бүлөнүн бирөөсүндө болот - дейт. Ошонун козу өткөн соң ал үйдөн кут качты - дейт. Эми макалдын маанисине келеек, ач адамдарга карата да айтылат. Кандай шартта жүрбөсүн адамды адамдар катарга ала жүрүүсү, ал тууралуу жакшы пейилде, каада-көңүлдө болуусу. Анын адамкрчиликтерин айта эскерүүсү, унутта калтырбоосу.

"Беш кол тең эмес". Беш кол - беш манжа: бармак, соомой, ортон, атыжок, чыпалак. Булардын ар биринин аткара турган милдеттери, салыштыруулары бар. ("Эли - олчом" деген темада айтылат). Демек, узун-кыскасы бирдей эмес. Адамдардын жашоо-турмушу так ошондой. Кулк-мүнөздөрү, өңү-түсү, бою-ою, аткара турган иштери, жүргүзгөн аракеттери ар кыл. Чойросу да, кийимдери да, ичкен тамактары да, минген атары да тең болбойт.

Бири момун, бири шайыр,

бири токтоо, бири чалпоо,

бири сулуу, бири серт... Кыскасы, бири бай, бири жарды, бири ток, бири ач, коендой окшош күндөр аз. Соз төркүнү ушул жакта болуп жатат.

"Бир даам таткан жериңе, миң курдай сапам бер". Кыргыздар ата салтында ото меймандос эл келет. Даам таткызат. Жыланга да ак чачып чыгарат. Даам берүү - конок кылууда ак дасторкондун ыйыктыгын сезишет. Бир чактары конок кылганы үчүн ал өмүр бою унутпай, "ушинтти эле" - дештин озу эле адамкерчилик. "Кайдан келди кара эшек, жолдон келди жоор эшеюжөрбөй, адамдык сапатты сыйлай, урматтай, нарктай, барктай билүүбүз аркылуу байыркы эл өзүбүздүн каада-салттан тайбай ушул күндү керуудо...

Ой-пикирлер