Кирүү

Токтосун Самудинов. Жаныбарлар дүйнөсү

Кылымдардын кыйрында,
Он миң, жүз миң жыл мурда
Санжыргалуу жер үстүн
Айлантышып тургунга:
Келемиштер, кериктер,
Арстан, бөрү, эликтер,
Жолборс, илбирс, куландар,
Кескелдирик, жыландар,
Эчки маарак, чулдуктар,
Бактек, айры куйруктар,
Бөрсө, багыш, бөкөндөр,
Тунжур, кирпи чечендер,
Төө куш, илегилектер,
Көл букалар, чүрөктөр,
Алабуга, жаяндар,
Музоо баштар, чаяндар,
Кашкалдак, көк кытандар,
Борбаш, балта жутарлар,
Үпүп, торгой, туйгундар,
Безбелдектер, булгундар,
Кашкулактар, калтарлар,
Ызгыч, турна, тартарлар,
Жарганат, төө коңуздар,
Эчки эмерлер, доңуздар,
Кара кунас, аңырлар,
Суусар, суур, мадылдар,
Таш бакалар, пилдер,
Бир казандар, чилдер...
Санай берсек кайралап,
Санат жеткис айбанат.
Тукум улам нечендеп,
Тоо-талааны мекендеп,
Токой-черди аралап,
Парандалар сабалап,
Күндө батып жыргалга
Чүмкүп ойноп сууларда.
Өмүр сүрүп келаткан
Адам менен эбактан–
Ким кубанып сүйбөсүн
Жаныбарлар дүйнөсүн!

Ой-пикирлер