Кирүү

Токтогулдун баласынын өлгөнүн угузганда

Коргоол:
Айталы сизге саламды,
Эшендер кылган жаңжалды,
Ак жеринен кармалып,
Айдоого кетти дечү эле,
Булбул үндүү, куш тилдүү,
Айнегим, Током, аманбы?

Түрмөдө турдуң зар болуп,
Сар оору кесел дал болуп,
Кайрылып элге келгенче,
Кайран жан кайгы, кар болуп,
Жапасы күчтүү замана,
Жабыркатты адамды,
Сен алыстан келгенче.
Амандашып көргөнчө,
Ноктолуу башка бир өлүм,
Токо,
Аткардык жалгыз балаңды...

Калпалар кылган жаңжалда,
Караланып кармалып,
Калкынан кетти дечү эле,
Калганың кайгы жечү эле,
Кара жаак, кайчы тил,
Канатым, Током, аманбы?
Калайлуу туур башынан,
Кайгылуу өлүм касынан
Токо,
Качырдык жалгыз балаңды!

Токо, араладың гүл менен,
Адамга жактың тил менен,
Сен алыскы соттон келгиче,
Өзүңдөн ашык болду эле,
Аркаңда жалгыз Топчубай
Аткардык жалган дүйнөдөн!..

Пендени пенде билбеген,
Белгилүү жүрөк зилдеген.
Бербейт экен кара жер,
Перзентиң жалгыз Топчубай
Бегене1 болгон дүйнөдөн.

Учук өтпөс ийнеден,
Уулуң жалгыз Топчубай,
Убайым болбо, кейибе,
Учурдук жалган дүйнөдөн.
Жибек өтпөс ийнеден,
Жибердик жалган дүйнөдөн...
Түздөгү коңур салкынча,
Жаркыра күмүш, алтынча,
Муунуңду бошотуп,
Жалпы агайын эл турса,
Жашыба жаман адамча.

Буурулду минип тердеткен,
Буулумду кийип кирдеткен,
Муңайба жашык адамча

Булбулуң жалгыз Топчубай
Мусапыр сапар жол кеткен.

Күлгүндү кийип кирдеткен,
Күлүктү минип тердеткен,
Күкүгүң жалгыз Толчубай
Күн тийбес сапар жол чеккен.

Карадан жорго тердеткен,
Кара киш1 кийип кирдеткен,
Кайрылар күнү барбы деп,
Калың элин дегдеткен,
Кайгырба калың эл турса,
Канатың жалгыз Топчубай
Караңгы сапар жол кеткен...

Токтогул:
Алтындан саат бурама,
Азапты менден сураба.
Айнегиң кетти дегенге,
Алсырап бошоп турам а.
Күмүштөн саат бурама,
Күйүттү менден сураба.
Күкүгүң кетти дегенге,
Күчүмдөн тайып турам а.

Кайнап, күйүп чок болдум
Кайгылуу күнгө токтолдум.
Калайлуу туур башынан,
"Карчыгаң жалгыз учту" деп
Кайгырта турган окшодуң.
Калтырап муунум бошоду,
Каруу-күчүм кетирип,
Кантип бир айттың ошону.

Айтамын ар кыл санатты,
Мени армандуу күнгө жаратты.
Кабарын айтып турупсуң,
Канатым Топчу саадакты.
Жамгыр тийбей көчкүдөй,
Ак топурак жар беле,
Атасы келсе Сибирден,
Амандашып көрүшпөс,
Топчубай,
Азапка тууган жан беле?

Тамырына суу тййбес.
Боорго тиккен тал беле?
Өтүп кеткен дүйнөдөн
Топчубай,
Өлүмгө бүткөн жан беле?
Жабырга мынча салгыдай,
Менде кудайдын өчү бар беле?
Туура-туура басканда,
Турумтай сыны бар эле,
Туурга эсен жеткирсе,
Дубанга чуркар тай эле.
Кайра-кайра басканда,
Карчыга сыны бар эле,
Каруу-күчкө толгондо
Калк үчүн чуркар жан эле.
Каркылдап каздар көл сактайт,
Кара ылаачын чөл сактайт.
Карып калган атакең
Кай жакка барып жан сактайт?!!
Куркулдап куулар көл сактайт,
Куу ылаачын чөл сактайт.
Куурап калган атакең
Куюгуп кайда жан сактайт?!
Түндө жарык панарым,
Туурумда калган карааным,
Түрмөдөн жаңы келгенде,
Күйүтүн тарттым баланын.
Түн уйкумду үч бөлсөм,
Түйшөлүп чыкпайт кабарың...

Кармаган жарык панарым,
Кайрылар жалгыз карааным.
Камоодон кайтып келгенде,
Кайгысын тарттым баланын.
Кайгырып ыйлап турсам да,
Кайрылып чыкпайт кабарың...

Булбулум учуп бурулду,
Чыгарбай ичтен муңумду.
Кантейин тирүү көрбөдүм
Каргадай жалгыз уулумду,
Кайгысын тартып күн-түнү
Картайып шорум куруду...

Күкүгүм учту элимден,
Күлпөтүм кетти жеримден,
Көзүмдөн аккан кара жаш
Жамгырдай жерге төгүлгөн.

Көрбөдүм көзүн баланын,
Көңүлүм калды өлүмдөн!..
Жамгыр тийбей кулаган
Ак топурак жар белең?
Аксы, Анжиян, Таласта,
Акындыгым бар белең,
Аркамда жалгыз Топчубай,
Ажалга туулган жан белең?
Бүчүрү түшүп куураган,
Тамырын кырккан тал белең?
Кубанчым, сени көрбөдүм,
Кууратар мени жан белең?

Алтын айдай нур жүзүң,
Көрөр бекем дегемин,
Абактан колум бошонуп,
Келер бекем дегемин.
Айнегим чыкса алдымдан,
Өбөр бекем дегемин.
Арман кылбай дүйнөгө
Өлөр бекем дегемин...

Күлдү кыргыз журтумду,
Көрөр бекем дегемин,
Күкүгүм чуркап алдымдан,
Келер бекем дегемин.
Күйүттүн муңун чыгарып,
Өлөр бекем дегемин.
Алтындан чидер өрбөдүм,
Абактан колум бошонуп,
Агайын-журтка келбедим.
Амандашып көрүшүп,
Жалгызым анан өлбөдүң...

Мууну болот жалбыздын,
Муңу болот жалгыздын,
Гүлү болот жалбыздын,
Күйүтү күчтүү жалгыздын.
Арытып жол келсе,
Сыйлары болбойт жалгыздын.
Ажал жетип күн бүтсө,
Ыйлары болбойт жалгыздын.
Карайган дарак чарбагым,
Караанын көрбөй зарладым.
"Калкыман кетип калды эле,
Кайраным атам экен" деп,
Учурашып алууга,
Топчубай,
Келээр бекен дарманың?..
Айнегим, Топчу эрмегим,
Аманын атаң көрбөдү,
Арманын ичтен чыгарып,
Анан кийин өлбөдүң!
Караны миндим жел үчүн,
Кайрылып келдим эл үчүн.
Калкымды көрдүм, каниет,
Колдон келер иш эмес.
Топчубай,
Козголбос эми мен үчүн!..

Ой-пикирлер