Кирүү

Токтогул туткундан келгенде

Жети кез коргон пайдубал
Чарбагын кошуп ырдайын,
Жеримден айдап Сибирге —
Алганын кошуп ырдайын.
Жеңе-желпим чуркурап

Калганын кошуп ырдайын.
Алтымыш киши айдалган
Арманын кошуп ырдайын,
Күндө коога, күндө уруш
Көрбөдүм жандын жыргалын.

Туткунга кеттим кармалып,
Тууганым көрбөй зарланып,
Түрмөдөн бошоп мен келдим,
Турумтай куштай айланып.

Азапка кеттим кармалып,
Айлымды көрбөй сандалып.
Азаптан бошоп мен келдим,
Ак шумкардай айланып.

Күнөөсү жок, соту жок,
Айдап кеткен болучу,
Күкүктөй көзүм жалдырап
Жайнап кеткен болучу.
Гувурнатор-генерал
Кармап кеткен болучу.

Аргасыз кылып залимдер,
Алып кеткен болучу.
Азаптуу күндү башыма
Салып кеткен болучу.
Кыямат түшүп башыма,
Токоң, карып кеткен болучу.

Элимден кеткен жан элем,
Эл көрүүгө зар элем.
Эсил башым кор болгон
Энеден жалгыз бала элем.

Айлымдан кеткен жан элем,
Айыл көрүүгө зар элем.
Азиз башым кор болгон
Атадан жалгыз бала элем.

Калкымдан кеткен жан элем,
Калк көрүүгө зар элем,
Кайран башым кор болгон
Каргадай жалгыз бала элем.

Айланып келип шумкардай,
Айлымды таап турамын,
Ак калпактуу көп кыргыз,
Амандыгың сурадым.

Элирип келип шумкардай,
Элимди таап турамын.
Эзелки тууган агаин,
Эсендигиң сурадым.

Каруусу кеткен тулпардай
Арып келдим, Токтогул,
Кара жол Сибирь айдоого
Барып келдим, Токтогул,
Кайран жашты жоготуп
Карып келдим, Токтогул.
Азаптуу күндүн зордугун
Көрүп келдим, Токтогул,
Ар кыл кыйноо турмушка
Көнүп келдим, Токтогул.
Элимдин жүзүн көрүүгө
Көксөп келдим, Токтогул,
Эчен шумдук кордукту
Тепсеп келдим, Токтогул.

Ой-пикирлер