Кирүү

Токтогул Сатылганов. Насыят

Дениң соодо, эринбей,
Бекерликке берилбей,
Эркиң менен жумуш кыл
"Эринчээк, жалкоо" дедирбей.

Эрдин күчү сом темир
Эритүүгө эр керек.
Эч оокатың болбосо,
Эгин айдоо жер керек.
Эр жигиттин белгиси —
Эпчил болот термелеп.

Күчүң барда иштеп көн.
Күлүп, жайнап, эр жигит,
Күнүмдүктү ойлобой,
Кулак байлап, жер жибит.

Жакшы азамат түрдөнүп,
Жалбырттаган жалындай.
Өзүн өзү асырайт,
Уурулукка малынбай,
Уятын ойлоп ар убак,
Ушак сөзгө чалынбай.

Түрүнүп иштеп эр жигит
Тишиң барда таш чайна.
Ирээтиңди түзөтүп,
Иштебесең, аш кайда?
Эгин айдап, чөбүң чап
Эмгегиңден пайда тап.
Азамат болсоң, ак иштеп,
Аздыр-көптүр малың бак!

Эр жигиттин белгиси —
Кайраттуу болот жалындап.
Өз колунда болбосо,
Оңойбу оокат табылмак?

Өлбөй тирүү калбайсың
Жан аманат, ойлоп бак.
Ыркырашпа тирүүңдө,
Ырыс алды — ынтымак.

Малы бар деп бирөөнүн
Байлыгына суктанба.
Ачуулу болуп, эр жигит,
Аксымдыкка бут малба,
Көпкөндүккө жеңдирип,
Көрүнгөнгө мактанба.

Эгин айдап, жакшы бак,
Жазында чыгат жалтылдай,
Кампадан ашып, кап толот,
Баасы кызыл алтындай.
Карды тойбойт адамдын,
Кайрат менен иш кылбай.

Ой-пикирлер



2021-05-02
Марсел
Азыркы жазуучуларга, Токтогул Сатылган уулунун ырын жаттатса, соонун болмок. Анткени азыркы замандагы дазуучулар, туура жазганды билбейт, ойлорун айтып албайт, орустарды же Чыгыштагыларды кайталайт.
2020-11-25
Алмаз
Саламатсыздарбы? Ушул Токтогулдун Насыят ырын ким ырдаган? Обону керек эле.