Кирүү

Токтогул Сатылганов. Кош, апаке

(Айдалып бара жаткандагы энесине ырдаганы)

Боздодуң, апа, боздодуң,
Кайгымды кайра козгодуң.
Кайрат кылсаң болбойбу,
Тирүүмдө жоктодуң...

Ыйладың, апа, ыйладың,
Ыйлаба жашың кургасын.
Убайым тартып ый-ыйлап,
Уулуңду муңдуу кылбагын...

Айланайын, апамсың,
Анчалык неге жаш алдың?
Айдалып барам алыска,
Азабым тартып жатарсың.

Карууң кетет, кейибе,
Кулак сал менин кебиме.
Ажалым жетип өлбөсөм,
Карчыга куштай айланып,
Келермин кайра элиме!

Айланайын, апаке,
Балапандай баккансың,
Ак сүтүңдү эмизип
Бооруңа басып жаткансың.
Мага окшогон жалгызды,
Зарлап жүрүп баккансың.

Алпештедиң, апаке,
Адам кылдың асырап,
Ачылар бекен кабагым
Ушул иштен ажырап?

Керимбай кылды кесирди,
Кекенип мага эсирди.
Жаш кезимден каршы элем,
Журтумдан айдап кетирди,
Башыма түштү, көрөйүн,–
Ажалым жетсе өлөйүн,
Кайгырбай, апа, үйгө бар.
Кантейни барып келейин.

Айланайын, апаке,
Уккун менин сөзүмдү.
Картайганда көп ыйлап,
Алдырба муңга көзүңдү.
Ажалым жетип өлбөсөм,
Акыр бир күн алармын
Керимбайдан өчүмдү.

Ой-пикирлер