Кирүү

Тоголок Молдо. Талым кыз менен Көбөктүн айтышканы

Талым кыз:
— Адамзат пендеси,
Сүйгөн нуру не болот?
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру не болот?
Аркасында тунарык,
Кирген нуру не болот?
Асман, жерди жаркыткан,
Ачык нуру не болот?
Асман, жерди бүркөгөн,
Сасык нуру не болот?
Асман, жердин зыйнаты,
Канык нуру не болот?
Эл ортосун ынтымак,
Кылган нуру не болот?
Бир ордуна кебелбей,
Турган нуру не болот?
Талымдын тартпа домогун,
Таба салгын жомогун,
Менин атым — Талым кыз,
Ченеп мага жологун.

Көбөктүн жообу:
– Адамзат пендеси,
Сүйгөн нуру таң болот,
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру ай болот,
Аркасында тунарык,
Кирген нуру түн болот,
Асман, жерди жаркыткан,
Ачык нуру күн болот.
Жер-асманды бүркөгөн,
Сасык нуру туман дейт.
Жер-асманды жаркыткан,
Анык нуру жылдыз дейт.
Эл ортосун ынтымак,
Кылган нуру жакшы сөз.
Бир ордуна кебелбей,
Турган нуру убада,
Таптымбы, Талым, сөзүңдү?
Келтирдимби, кезиңди?
Аптыкпагын, Талым кыз,
Ачмак болдум көзүңдү!..

Талым кыз:
— Жер сиңип кеткен жети атан
Ал эмне Көбөк чоң?
Жерди жемире баскан чал буура,
Ал эмне Көбөк чоң,
Желини сүттүү куу инген,
Ал эмне Көбөк чоң?
Жез буйлалуу нар тайлак,
Ал эмне Көбөк чоң?
Оргочордон от күйөт,
Ал эмне Көбөк чоң?
Ысыккөлдө ит үрөт,
Ал эмне Көбөк чоң?
Жан бүткөндүн баарынан
Каргыш алган ким болот?
Жанга залал кылбастан,
Алкыш алган ким болот?
Түйүлгөндүн түйүнүн,
Чечип турган ким болот?
Күндөп-түндөп токтобой,
Көчүп турган ким болот?
Сөөгүңдү ысытып,
Эзип турган ким болот?

Көбөк:
— Жер сиңип кеткен жети атаң —
Жети атабыз эмеспи!
Жерди жемире баскан чал буура –
Түп атабыз эмеспи!
Желини сүттүү куу инген,
Өз энебиз эмеспи!
Жез буйлалуу нар тайлак —
Карындашым эмеспи!
Оргочордон от күйсө,–
Эки көзү жайнаган,
Ысыккөлдөн ит үрсө,
Бака болот чардаган.
Жан бүткөндүн баарынан,
Каргыш алган карышкыр.
Жанга залал кылбастан,
Алкыш алган байкуштар.
Түйүлгөндүн түйүнүн,
Чечип турган чечендер:
Күндөп-түндөп токтобой
Көчүп жүргөн санаа дейт.
Сөөгүңдү ысытып,
Эзип турган бала дейт

Талымкыз:
— Узун, узун, узун жол,
Учун билген ким экен?
Күндөп-түндөп жүгүрүп,
Аянбай жүргөн ким экен?
Алыс менен жууктун,
Ченин билген ким экен?
Ачуу менен таттуну,
Даамын таткан ким экен?
Кара сууну кайнатып,
Каймак алган ким экен?
Кан төгүшкөн душманды,
Жакын кылган ким экен?
Кайраты бар адамды,
Баатыр кылган ким экен?
Оолуктуруп адамды,
Чечен кылган ким болот?
Ойдо жокту ойлонтуп,
Кесел кылган ким болот?
Мүңкүрөтүп адамды,
Карып кылган ким болот?
Мууну-жүнүн бошотуп,
Арык кылган ким болот?
Кызыл жүзүн оңдуруп,
Сарык кылган ким болот?

Көбөк:
-Узун жолду узартып,
Учун билген кербенчи.
Күндөп-түндөп жүгүргөн,
Аянбаган мергенчи.
Алыс менен жууктун,
Ченин билген базарчы.
Ачуу менен таттуунун,
Даамын таткан казанчы.
Кайраты бар жигитти,
Баатыр кылган эл болот.
Оолуктуруп адамды,
Чечен кылган тил болот.
Ойду жокту ойлотуп,
Кесел тылган жин болот.
Күңгүрөтүп адамды,
Карып кылган ургаачы.
Муун-жүнүн бошотуп,
Арык кылган убайым
Кызыл жүзүн оңдуруп,
Сарык кылган бересе.
Жана сөзүң бар болсо,
Жообун берем бир нече.

Талым кыз:
— Куу ылаачын теппеген,
Кулдуюп жерге түшпөгөн
Кууда бүтүн бар бекен?
Кара ылаачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Казда бүтүн бар бекен?
Башынан алыш албаган,
Таш оодарып салбаган,
Сууда бүтүн бар бекен?
Качырганын кайсаган,
Иттин чоңу бар бекен?
Качырганын куткарбас,
Куштун чоңу бар бекен?

Көбөк:
–Кулдуюп жерге түшпөгөн
Кууда бүтүн бар бекен?
Кара ылаачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Каздан бүтүн карлыгач.
Башынан алыш албаган,
Таш оодарып салбаган,
Суудан бүтүн Ысыккөл.
Качырганын кайсаган,
Иттин чоңу кумайык.
Кармаганын куткарбас,
Куштун шери буудайык.
Каргашалуу Талым кыз
Ушул кимге ылайык?

Талым кыз:
Тим жүрбөстөн сөзүңө
Тийиштик кылдым өзүңө
Күнөөм болсо–кечкин деп,
Күрмөгөн жибиң чечкин деп,
Таппадым деп ыгыңды,
Талым кыз сөзгө жыгылды.

Ой-пикирлер