Кирүү

Тоголок Молдо. Кемчонтой (поэма)

Кемчонтойдон кеп келет,
Акылсыз акмак деп келет.
Кемчонтойдун жоругу,
Кандай жанга эп келет.

Атасы казы айтылуу,
Адамдан чыккан бу бир куу.

Элден көп жеп параны,
Дагы кирем деп алган.
Бир сөзүнөн кайтпаган,
Парасыз сөз айтпаган.
Акыйкат бүтүм кылбаган,
Сөзү ордуна турбаган,
Бул киши адил эмес деп,
Сыртынан сөзүн сындаган.
Казынын жалгыз уулу бар,
Уулунда толгон чыры бар.
Кемчонтой деп атанып,
Кесир болду мунуңар.

Ажал жетип, күн бүтүп,
Казы, аттанды дүйнөдөн.
Өмүрүнчө пара жеп,
Кабы толуп күнөөдөн,
Атасы казы өлгөн соң,
Казыны калк көмгөн соң.
Атадан калган бар малын,
Сапырып чачып жоготкон.
Түбүндө Чонтой кутулбай,
Түгөнбөгөн домоктон.
Бала кезден келесоо,
Өз акылы такыр жок.
Ар кайсыны бир айтып,
Сөзү орой, оозу шок,
Жалгыз эшек малы бар,
Эшегин айтат атым деп,
Эс-акылы жогунан,
Энесин айтат катын деп,
Атасы өлгөн жашында,
Акылы жок башында.
Эсер-зөөкүр кемчонтой,
Энесинин кашында.
Акмактыгы Чонтойдун,
Айлына болгон дапдайын.
Жалгыз балам зөөкүр деп,
Энеси кылат убайым.
Зшегин токуп ээрдеп,
Энесин тилдеп кээрдеп:
"Мен базарга барам"–деп,
"Кийим-кечек алам"–деп,
Аш куюп ичип казандан,
Аттанып кетет азандан,
"Ажатымды алам–деп,
Азыр барып базардан".
Жалгыз чака пулу жок,
Жакшылык көргөн жылы жок,
Адам десе санда жок,
Ага-тууган анда жок.
Айткан кебин унутат,
Акмактыгы жанда жок.
Теңир урган Чонтойдун,
Жоругу айбан малда жок.
Базардан башка кеби жок,
Адамга сыяр эби жок.
Акмактыгын мындан бил,
Адамга болжор теңи жок.
Базарга барат күн сайын,
Баркы кетти ансайын.
Акылсыз зөөкүр келет–деп,
Айлына болду дапдайын.
Кемчонтойдо мээси жок,
Кел–деп айткан киши жок.
Айбандыгын мындан бил,
Адам менен иши жок.
Арыктап баспайт эшеги,
Айыкпайт жинди кесели,
Адамдын баары көргөндө,
Кемчонтой жинди дешеди.
Элге дайын жинди дейт,
Эшегин күндө минди дейт.
Эсерлик кылып жан бакпай,
Эл ичинде жүрдү дейт.
Кемчонтой бүгүн өтөт деп,
Жолун тосуп жатышат.
Балдар баары чогулуп,
Тамашага батышат.
Келип жолго турушат,
Кезек менен урушат.
Келесоону токмоктоп,
Келеке-шылдың кылышат.

Кемчонтойдо эс барбы,
Унутуп калат урганын,
Жүрө берет сенделип,
Ойлобойт жандын жыргалын.
Нандын атын унутуп,
Кемчонтой айтат жалпак деп.
Калпагын айтат байпак деп.
Байпагын айтат талпак деп.

Кептин жөнүн биле албайт,
Кежир сүйлөп тил албайт.
Элирип кетет ар жерде,
Эл ичинде жүрө албайт.
Балам үйдө турар деп.
Бастырып оокат кылар деп,
Оокатка балам кирген соң,
Анан жаным тынар деп,
Жакшы көрөт энеси,
Ичтен чыккан байталман1
Жазганып турат уулунан,
Жамандап элге айтардан.

Энеси бир күн ойлонду,
Ойлонуп жатып толгонду.
Акылынын жогунан
Кайран балам кор болду,
Үйлөнтөйүн баламды,
Көргөн жалгыз карамды.
Өлбөй тирүү каламбы,
Тындырайын санаамды.
Каралды жок жапжалгыз,
Калтырбайын баламды,
Каргашалуу арамды.
Кемпир эмес, орто жаш,
Келбеттүү киши энеси,
Катын алып берүүгө,
Анык тынды санаасы.
Катын алып берүүгө,
Жакын жерден кайындап,
Ынтымакка келишип,
Калың малын дайындап,
Бечарага кайындап,
Элге-журтка дайындап,
Күйөө барып кайындап,
Күйөөлүгүн дайындап.
Куда болуп кой союп,
Тойго арнап кой союп.

Күйөөлөдү Кемчонтой,
Кыз алууга ой коюп,
Кызды алып барышты,
Жеңелер төшөк салышты.
Желип келген жеңелер,

Жеңкетайын алышты.
Балам үйлүү болду деп,
Мамырап калды энеси.
Кемчонтой катын алганы,
Энесинин керээзи.
II
Энеси эптүү болбосо,
Зөөкүргө аял келеби.
Дүнүйө калың бербесе,
Кызын бекер береби.
Атасы калың көп алды,
Алып малды жеп алды.
Кыздын башы байланды
Азап тартып зарланды.
Акылы артык Багдагүл,
Бул жорукка алданды.
Жабыр көрдү канча жыл,
Көзүнөн жашы төгүлүп,
Көргөн күнү мына бул.
Жабыркап аял чыдабай,
Не кыларын биле албай,
Эмгек тартып зөөкүргө
Эстүү катын жүрө албай,
Эсебин мунун тапсам деп,
Эсерден кордук көргүчө,
Эми турбай качсам деп.

Качып барды бир күнү,
Атасынын үйүнө.
Көңүлү жок Багдагүл,
Кемчонтой менен жүрүүгө.
Качып барса, атасы
Кагып койду баласын.
Атасы кагып койгон сон,
Табалбай калды чарасын.
Атасы туруп кеп айтат,
Ачууланып бек айтат:
–Кызы чыккан оңчубу,
Мындай жорук болчубу?
Жаман кыз чыгат күйөөдөн,
Жакшы деп атка кончубу?
Канткенде балам чыгасың,
Калыңга берген кою бар,
Баталашып башында,
Элге берген тою бар.
Айтканыңда ката бар,
Баарысын айтып нетейин,
Алакан жайган бата бар.
Балам мени кыйнаба,
Батаны не деп унутуп,
Учурасам батага
Тукумум менен курудук.
Ал аңгыча энтелеп,
Кемчонтой келип кеп айтат.
Биздин катын жоголду,
Көрдүңөрбү деп айтат?
Кайышып ичи бурады,
Кайненеси турабы:
"Катыныңды Кемчонтой
Аты ким деп сурдды?"
Катындын аты Багдагүл,
Кайгы тартып болгон зил.
Багдагүл атын унуткан,
Акмактыгын мындан бил.
Канчалык ойлоп таба албай.
Жабыркатты байкушту,
Асырап жакшы бага албай.
Энеси ыйлап буркурайт,
Багдагүл ыйлап зыркырайт,
Кыздын шору арбын деп,
Жеңелери чуркурайт.
Атасы ага болбостон,
Кызды оюна койбостон,
Жөнөттү кызды эрине,
Калың берген жерине.
Баарыңар кулак салыңар,
Багдагүлдүн кебине.

"Балакетке кабылдым"–деп,
Багдагүл акыл ойлоду,
Атасы менен Чонтойдун.
Ал сөзүнө болбоду.
Жадатсам деп жаманды,
Багдагүл кылды амалды.
Көтөрмөк болду Багдагүл,
Башына түшкөн заманды.
II
Бир күнү ашын мол кылат,
Тузун ачуу шор кылат,
Бир күнү тузун кем кылат,
Көзүнүн жашын сел кылат.
Убайым тарткан Багдагүл,
Ушуну кантип эр кылат!
Бир күнү суюк–ашы суу
Көрбөймүн деп кордукту,
"Ашты суюк кылдың"–деп,
Чонтой салат ызы-чуу.
Оңой эмес Багдагүл,
Ойлогон иши нак ушу.
Бир күнү коюу бышырган,
Кутулсам деп ушундан.
Бейлин салбай оокатка,
Берекесин учурган.
Кемчонтой анда кеп айтат,
–Бузулду катын жоругуң,
Билбедиң иштин орунун.
Бир күнү ашың таптаттуу,
Ичкиң келет коюусун.
Бир күнү ашта тузу жок,
Адамдын ичер кушу1 жок.
Бейлиңди кудай алдыбы,
Берекелүү куту2 жок.

Багдагүл анда кеп айтат,
Баянын уккун деп айтат:
–Ашыктырдың өзүмдү,
Укпадың айткан сөзүмдү.
Энтелеп өзүң барганда,
Эсимди кудай алыртыр,
Колумдун чени ошондо,
Энемде унут калыптыр.

Айтса, айтпаса барып кел,
Энеме кабар салып кел.
Эрте барып тезирээк,
Колумдун ченин алып кел.

Кемчонтой анда турабы,
Барбоого моюн бурабы.
Багдагүл айтып койгон соң,
Буйругун эки кылабы.

Эшегин минип эпеңдеп,
Жолго чыкты тепеңдеп.
Ашыкпастан энеңе,
Аш бышымда жетем деп
Жөнөп калды турбастан
Артына кылчаң кылбастан.
Бара салып Кемчонтой,
Сөзүн айтты бир баштан.
–Кызың барып ушундан,
Акылынан адашты.
Адашканын мындан бил,
Айбан малга жанашты.
Аш кылса бир күн тузу жок,
Бир күнү ачуу шор кылат,
Бир күнү ашы супсуюк,
Минтип жүрсө кор кылат.
Бир күнү кылат буламык.
Кызыңды кемпир сынадык.
Аш кылчуу чени сизде деп,
Алпарып берип тыналык.

Биле салды куу кемпир,
Кызынын шумдук кылганын.
Эсердик кылып Кемчонтой,
Келип сурап турганын.
Кемчонтойго кеп айтат,
Келтирип сөздү эми айтат:
–Аял кылбай кайтып бар,
Мен айтканды айтып бар
Сууну аз куйса казанга,
Тузду дагы аз салсын.
Тумшугу жок балам ай,
Талканды да аз чалсын
Казанга сууну көп куйса
Тузду дагы көп салсын.
Ушу сөздү айтып бар
Талканды да көп чалсын.
Башкасын Чонтой унутуп,
Аз суу, аз туз–деп келет.
Кемчонтойдун кебинен,
Артынан кызык кеп келет.
"Аз туз" деп калды баратып,
Сууну, тузду унутуп,
"Аз түш" деп алды адашып.
Аз түш деп келе жатканын,
Адамдар калат карашып,
Зөөкүрдү шайтан кысканда,
Келе жатып жолукту,
Чеч байлап кырман сузганга.
Кырманга келнп калжырап,
Айтып турду "аз түш" деп.
Кырманчы урду зөөкүрдү,
"Арзан эмес бул иш" деп,
Чебердеп таяк жебеди,
"Береке чечке" дебеди.

Келтекти мындан жеп алып,
"Береке чекке" деп алып,
Кемчонтой салды жолуна.
Келбеди иши оңуна.
Чонтойду кудай атканда.
Жана түштү капканга,
Келе жатып кез болду.
Өлүк көөмп жатканга.

Жанына келип булардын,
Таңыркап келип көп турат,
"Унутам"–деп көп айтып,
"Береке чечке"–деп турат.

Тургандар буга кырсыгып,
Кемчонтойдон чыр чыгат:
–Өзүң мында келесиң,
Өлүктү байкап көрөсүң,
Бул өлүктүн үстүнө,
Бизге каргыш бересиң.
Кепке-сөзгө келбейсиң,
"Тукумуң өссүн"–дебейсиң.

Мындан Чонтой жөнөдү,
Толуп жатат өнөрү.
Бир айгканын көп айтып,
"Тукумуң өссүн"–деп айтып.

Келе жатып Кемчонтой,
Той бергенге кез болду,
Көптүгүн көрүп бул элдин,
Эстен танып нес болду.
Башында акыл-эси жок,
Балан деп айтар сөзү жок.
Эстен танып нес болду.
Кептин жөнү мындай–деп,
Кемчонтой айтар кези жок.

Бала көрбөй зар кылган,
Бала деп ыйлап кайгырган.
Баласыз жүргөн бир чалга,
Той берип жаткан бир жанга,
Келип Чонтой жолукту,
Жолуккан жерде оолукту,
Туюнбастан кеп айтат:
–"Тукумуң үзүл"–деп айтагг.
Билбеген соң сөз соңун,
Бир айтпастан көп айтат.

Жалгыз бала көрүнүп,
Тоюн берип жатканда,
Элдин баары жыйылып,
Оюн көрүп жатканда.

–Өзүң зөөкүр зарлуусуң,
Бул не деген каргышың?
Оозукду тыйып жүрбөйсүң,
Билбейсиң шоруң арбышын.

Бул жиндини уруш деп,
Не деп карап туруш деп,
Акылы жок зөөкүрдү,
Аябай жаза кылыш деп.

Тепе-тепке алышты,
Тепкилешип салышты.
Чонтойдун шору кайнады,
Эки көзү жайнады.

Эсер Чонтой темселеп,
Эшегин минип энтелеп,
Эл жатканда үйүнө,
Жетип барды темселеп.

Багдагүл, барса, жатыптыр,
Карк уйкуга батыптыр,
Алды каткан жөнүктүн,
Азабы таштай катыптыр.
Келгенде Чонтой кеп айтат,
Улам-улам бек-айтат.
–Эми келдим ой катын,
Эшигиң ачкын деп айтат.

Багдагүл анда кеп сурайт,
Байкайын кебин деп сурайт.
–Катын деген сен кимсиң,
Атыңды айткын билейин,
Тааныганда өзүңдү,
Анан ачып берейин.

Чонтойду кудай курутту,
Өзүнүн атын унутту.
Жана Чонтой кеп айтат,
Жаңыртып үнүн бек айтат.
–Эриң келдим базардан,
Эшикти ачкын–деп айтат.
Эрим болсоң атың ким?
Атыңды айткын билейин?
Кокус эрим болбосоң,
Кайдан туруп жүрөйүн.
Эсер Чонтой эси жок.
Өзүнүн атын унутту.
Чымырканып таба албайт
Чындап кудай курутту.

Чакырып жатып чарчады,
Кемчонтой атын таппады.
Атын таппай кайгырып,
Үйүнө кирип жатпады.
IV
Кара жамгыр дабырап,
Куюп турду асмандан,
Ачып кеткен ороого,
Кемчонтой кирди шашкандан,
Таң атканча күнү жаап.
Таң сүргөндө ачылды.
Тамтыгы кетип суу болду,
Ороого түшүп жашынды.
Ал-аңгыча дүбүрөп,
Ат дүбүртү угулду,
Чоочуп кетип Кемчонтой,
Ороого башын бир урду.
Ороодон турду кокоюп,
Моюнун сунуп, сокоюп,
Мааласында кожо экен,
Бастырып өткөн ошо экен.
Анда кожо кеп айтат.
Балакеттүү Кемчонтой,
Балакетти баштадың.
Атым үркүп бул жерде,
Жыгылып кала таштадым.

"Кемчонтой"–деп укканда,
Жоготкон жогум таптым дейт,
Сүйүнүп кетип Кемчонтой
–Түндөн бери таба албай,
Ороого бекер жаттым дейт.

Бүгүн конок болуп кет,
Таап бердиң жогумду,
Керсөттүң мага сонунду.
Жибербеди чылбырлап,
Кармап алып кожону.

Кайран Чонтой шашпады,
Конгондон кожо качпады.
Атын алып түшүрүп,
Кемчонтой жолду баштады.

Ээрчитип барып кожону,
Өз үйүнө киргизди.
–Баракелде кожого,
Пайдасын мага тийгизди.
Отурбай катын тур деди,
Кожомо тамак кыл деди.
Багдагүл коркуп жиндиден,
Шайтанга болгон мингиден,
Туруп чайын кайнатып,
Тасторконун түзөттү.
Баштагыдан Багдагүл,
Кутулар жөнүн күчөттү.
–Эт, май болсо баары бар,
Издетпей үйдөн табылат.
Кожо өңдөнгөн конокту,
Көрбөсө адам сагынат.
Азиз мейман кожодой
Анда-санда кабылат.
Мен тамакты кылайын,
Даяр кылып турайын.
Конокко кылган кызматтан,
Кантип моюн бурайын.

Аздык кылат отунуң
Отунга ылдам барып кел,
Суу эмес, кургак отундан,
Ашыкпастан алып кел.

Кемчонтой кетти отунга,
Кызматын айтып катынга.
Кемчонтойдон Багдагүл
Кутулуунун дартында.

Эт, май үйдөн табылып,
Тамакка турду камынып.

Кемчонтой барып отунга,
Арканга бекем таңыптыр,
Келе жатат элеңдеп,
Арбын отун алыптыр.
Төш жары келген курч темир,
Багдагүл отко салыптыр.
Отко салган темирге,
Коногу айран калыптыр.
Катындан кожо сурады,
–Кабарын айтчы келиним,
Алда кандай шумдуктуу,
Отко салган темириң?
Багдагүл анда кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:

–Кемчонтой курусун кеби бар,
Кеңешип бүткөн эби бар.
Кемчонтой теги оңбогон,
Тамагы бекер болбогон.
Алдап келип далайды,
Эстен кеткис кордогон.
Аш-тамакка тойгузуп,
Неченди Чонтой байлаган.
Көчүккө басып темирин,
Далайдын шору кайнаган.

Кожо турду секирип,
Мурун турган шекинип,
Чыга качып эшиктен,
Келгенине өкүнүп.

Келе жатып Кемчонтой,
Кожонун көрдү качканын,
Артын карап кылчаңдап,
Корккондой болуп шашканын.

Кемчонтой кесир келгиче,
Келип үйдү көргүчө,
Аш-тамагын бекитип,
Карап турган Багдагүл.
Кемчонтойдон ар качан,
Жадап турган Багдагүл.
Кутулсам деп зөөкүрдөн,
Самап турган Багдагүл.
Багдагүл туруп кеп айтат,
Келтирип сөздү эми айтат:
–Аш-тамактан калтырбай,
Алып кетти–деп айтат.
Кожоң менен куруп кал,
Этке, майга тойгон жок,
Эч болбосо арттырып,
Анча-мынча койгон жок.

Жарты нанды жашырып,
Алып калдым мен зорго.
Бардык майды үйдөгү
Алып кетти ал кожо.
Чакырып алып кожону,
Жакшылап туруп кеп салгын,
Майда сенин акың көп,
Матырып нандан жеп калгын.
Багдагүлдөн Кемчонтой,
Нанды алып колуна,
Кожокелеп чакырып,
Коноктун түштү соңуна.
Чонтойдун үнүн укканда,
Кайрылып кожо караса,
Кемчонтой нанын көрсөтөт,
Сонун кызык тамаша.
–Бул нанымды кожоке,
Матырып майга салайын,
Анан кийин өзүң ал,
Нанымды малып калайын.

Тентек Чонтой тим турбай,
Темирин алып келет деп,
Артына басса темирин,
Көчөдө кожо өлөт деп.
Качып калды турбастан,
Артына кылчаң кылбастан,
Үйүнө барды темселеп,
Артка моюн бурбастан.
Катын чык үйдөн бат деди,
Жашырып мени кат деди.
Үйүнө барды темселеп,
Кожо калды жашынып.
Кемчонтой андан адашып,
Тентип кетип жоголду,
Эшегинен айрылып,
Канчалык болду коромжу.
Акыл, эси болбогон,
Башына тиет кесири.
Көргөн менен пайда жок,
Көзүң тамдын тешиги.
Акыл менен иш кылат,
Адамдардын жетиги.
Эмгек болот өмүрдө,
Адамдардын кесиби.

Ой-пикирлер