Кирүү

Тилегибиз бир

Казак, кыргыз бир тууган, андан жакын ким тууган?" — дейбиз. Бир энеден, бир атадан экенибиз да, бизден жакын эч ким жогу да анык. "Агайын алыс болсо жат болушат" — деген илгертеден калкыбыз айта келген дагы бир сөз бар. Соңку жыйырмаотуз жыл ичинде кыргыз, казак жат болбосок да арабыз алыстап кетти. Ырас, ирегелеш жашайбыз, аралашып, сөөк өткөн тууган болуп жатабыз. Деген менен алказак менен кыргыздын малчысы, алкыргыздын жигити менен казактын кызы. Эки республиканын чек арасынан кыйла алыстагы калайык журт, кала берсе Бишкек менен Алматыдагы интеллигенция — жазуучу, өнөрпоз калкы бирбирин тек, газета, журнал беттеринен, теледидардан гана көрүшчү болду. Токтогул, Жамбыл коюнколтукташ жүргөн, М. Ауэзов менен Т.Сыдыкбеков үзөнгүлөш сапар чеккен, рухий өнөрдүн калган кайраткерлери күн сайын аралашып жүргөн жарашыктуу салт көөнөрө баштады. Буга сенек жылдар, дымыган доор гана эмес, баарыдан мурда бир боордоштугубузду унута баштаган өзүбүз күнөөлүбүз. Азыр жаңы урпакпарасаттуу урпак өсүп келатат. Казак адабияты да, кыргыз адабияты да жаңы ысымдар менен байыды, жаңы сапатка, жаңы баскычка көтөрүлдү. Эл жаңырды, ойсанаа жаңырды. Ошого жараша кыргыз менен казактын бир туугандыгы, боордоштугу мурдакы даңгыр жолуна түшүшү керек, мурдагыдан да артыла бериши керек. Казак менен кыргызга илгертен бешик болгон байтак талаа, бийик тоолор сыяктуу түбөлүк өмүр сүрчү кубулуш.

Туугандыгыбыз эскирбесин? Ой-тилегибиз ажырабасын! Элжурт аман болсун.

"АлаТоо" журналынан

Ой-пикирлер