Кирүү

Темиркул Үмөталиев. Кубат (поэма)

"Эр жигит:
Эл четинде,
Жоо бетинде"
Эл сөзү.
Кеч кайтып Обкомолдун бюросунан,
Кандайдыр таң атырды уктай албай.
Көздөрү балбылдады жумулбастан,
Өчпөстөн ак өргөөдө күйгөн шамдай.

Бир кезде радиодон үн жаңырды,
Сүйлөдү тааныш диктор каргылдана,
Бурулуп карап жатты Кубат аны,
Бир башка иш болгон уйт Московада.

Молотов бүткүл элге айтты кабар:
–Фашисттер кол салышты биздин жерге.
Ууруча антын бузуп киришти алар,
Катылат алын билбей күчүк шерге.

Биздин иш адилет иш, биз жеңебиз,
Тургула жоого каршы баатырлардай,
Башынан кармашканды жеңген элбиз,
Жок болот ач көз душман тарпы калбай.

Кандайдыр чуркачудай турду Кубат,
Кийинди, бетин жууду шашкалактай.
Башына, келип жатты ойлор чубап,
Чачырайт эки көзү карагаттай.

Айшанын чуркап барды дарчасына,
Оюна алган белем ар нерсени.
Жок, бирок батынбастан ойготууга,
Аз убак карап турду терезени.

Аңгыча сезди белем сулуу Айша,
Карады парданы ачып жан биргесин
Ап-аппак он бешинде толгон айча,
Ачып чоң, терезеден көрсөттү өзүн.

–Айшаке, жаным Айша! –деди Кубат,
Келгендей көпкө чейин коштошууга
Айтпастан башка бир сөз карап турат,
Чамасы жоктон бетер кол созууга.

Болгонун биле коюп бир шумдуктун,
Шашылып чуркап Айша чыкты бакка.
–Кандай сөз! Неге келдиң! Эмне уктуң?
Эч качан келчү эмессиң бул убакта?

Ушунтип сурап Айша Кубатынын
Сүйөндү келишимдүү эр төшүнө.
–Башталды кандуу согуш, кызыл кыргын...
Жоо келди социализм өлкөсүнө.

–Кайсы жоо?
–Фашист Гитлер каракчыдай
Тымызын басып кирди бир сөз айтпай,
Жоо жолун торош керек карап жатпай,
Жигиттин милдети да мылтык атмай.

Жетишер секретарлык эми мага,
Иштерин Обкомолдун тапшырамын.
Андан соң военкомго барамын да,
Жанымды аябаска ант кыламын.

Келгеним өзүң менен кезигүүгө,
Айдайым, аман тургун көрүшкөнчө,–
Жоо качып, бошотулуп сүйгөн мекен,
Жеңишти куттукташып өбүшкөнчө.

"Бул менден чын эстелик болсун" деген
Кат жазып сүрөтүнүн аркасына,
Ал азыр алынгандай жүрөгүнөн,
Тапшырды ай чырайлуу Айшасына.

Сүрөттү алып Айша турду тиктеп,
Танцада үч күн мурун болгон бирге.
Бир да сөз айталбады бой титиреп,
Мезгилсиз муз тоңгондой жаз гүлүнө.

–Кош!–деди Кубат анда сунуп колун,
–Кош!–деди айдай сулуу каргылдана.
Билдирип бир сөз менен бардык оюн,
Мончоктой мөлтүрөдү жашы тама.

"Кош!"–деген ушул сөздө айтылды бүт:
Кан күйүп, жер өрттөнгөн согуштарда
Унутпай жүрөр деген таттуу үмүт,
Мындай ой мүнөздүү да жаш кыздарга.

"Кошкун!"–деп кыз оозунан чыккан бул сез
Барабар тапшырмага мекен берген:
Каптаган каракчыны кайра куу тез,
Алыс куу ата конуш биздин жерден.

Тамган жаш мөлт-мөлт этип кыз көзүнөн;
"Тарттырба таалайымды келген жоого!
Корккону эр жигиттин өлгөнгө тең,
Кармашта кайра качпа" дегени го.

Ой-пикирлер



2020-04-17
Азиз
Эң мыкты ушул сайтка ийгилик каалайм