Кирүү

Телефон менен сүйлөшүү этикасы

Телефон менен сүйлөшүү этикасы

Баарынан мурда мүмкүн болушунча сылык болгонго аракет кылуу керек. Коңгуроону угар замат трубканы алганга шашыл. "Алло" деген сөздү айтуу менен бирге саламдашканды унутпа.

Эгер сенден кимдир бирөөнү чакырып коюуну суранса, анда "Бул ким?", "Эмне үчүн керек?" деген сыяктуу суроолорду берүү таптакыр туура эмес. Ал ким экенин жана эмне деп айтып коюу керектигин чакыруучу тарап өзү айтат.

Телефонду эч качан эсте калган номер боюнча чалба. Балким туура эмес болуп калат. Эгер туура эмес түшүп калса, "Бул кайсы номер, мен кайда түшүп калдым?" де айтуу адепсиздик. Жөн гана кечирим сурап коюу абзел.

Телефон менен сүйлөшүүдө эч качан жаман сөздөрдү колдонбош керек. Андан да кыска жана так сүйлөгөнгө аракет кыл, себеби телефон менен көпкө сүйлөшүү - маданиятсыздык. Балким ал телефонго башка бирөөлөр зарыл жумуштар менен чалып алдыра албай калышат.

2-текст: Тамактануу этикасы.

Эң биринчи колду таза жууп анан тамакка отуруу керек. Кыргыз элинин өзгөчө сапаттарынын бири кичүүлөр улуулардан мурун тамакка кол салган эмес. Тамак жеп жатканда башкаларга жолтоо болбой, эгер суюк тамак болсо аны шурулдатпай ичүү керек. Оозго тамак салып алып сүйлөө же күлүү - маданиятсыздык. Тамакты да өлчөмү менен өз убагында жеш керек. Ашыкча жесең ден соолукка зыян. Өтө шашып, же туруп алып жеген тамак аш болбойт. Тамактанып бүткөн соң дасторконго бата тилеп, тургандан кийин колду жууш абзел.

"Кулунчак" журналынан

Ой-пикирлер