Кирүү

Ташбашат көрүстөнү

Ташбашат көрүстөнү – коло доорунан кечки орто кылымга таандык көрүстөндөр тобу. Коло дооруна тиешелүү 6 көрүстөн казылып, алардын үстү төрт чарчы көлөмдөгү таштар менен коргондолгон. Сөөк көмүү салты Таштөбө эстелиги менен окшош. Сөөктү көмүүнүн 2 түрү кездешет: сөөктү өрттөп көмүү жана жөн көмүү. Чопо идиштер, колодон жасалган билерик, шуру, сөйкө бирдей ыкмада жасалган. Ташбашат көрүстөнү 1957-жылы археолог П. Н. Кожемяко тарабынан изилденген.

Ой-пикирлер