Кирүү

Таш кескич машина

Таш кескич машина

Таш кескич машина – тоо тек тутумунан таш аралап алуучу машина. Таш кескич машинанын жардамы менен каптама дубал таштарды, ири дубал блоктору жана сом блоктор алынат. Таш кескич машина адатта рельс боюнча өзү жүрүүчү туруктуу рамадан турат. Рамага кесүүчү аспаптарды айландыргыч жана машинаны жылдыргыч орнотулган. Таш кескич машинада кесүүчү аспап катары диска формасындагы араа, шакек сымал фреза катуу тиштер менен жабдылган тизмектүү жана штангалуу багытталгыч рама колдонулат. Таш кескич машиналар пайдаланылышы, алынуучу продукциянын түрү, кесүүнүн бийиктиги, операцияларды аткаруу принциби боюнча айырмаланат. Таш кесип алуунун бир кыйла рационалдуу технологиялык схемасын колдонууга мүмкүндүк берүүчү конструкцияларды түзүү, кесүүчү аспаптарды өркүндөтүү, кесилген ташты жана анын калдыктарын жыйноо жана тизип ийүүнү механикалаштыруу, машинанын негизги түйүндөрүн жана тетиктерин унификациялоо жана аны башкарууну автоматташтыруу таш кескич машинаны өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.

Ой-пикирлер