Кирүү

Табагын тегеретүү

Табагын тегеретүү. Бул - жакшы жышаана эмес. Минтүү аш-тамак берген адамды кеп-созге сындыруусу, ар-намысына доо ке-тирүүсү. Табак - эт тартылган идиш, чара. Эгер андагы салынган этке тойбой калса, ал жалап-жуктап, "Берген тамагың ушулбу?" -деп, баарын жеп, чыгын калтырбай ичип, табакты тегеретип жи-берүүлер да болгон. Арийне, андай жоруктар жеке үй ээсин гана дебейли, бир атанын, уруктун тукумдарын жер каратуусу. Андыктан кыргызда сый тамак берүүде, алдыртан баамдоосу, андан душман көзүне тап жылдырбоосу билинип турат.

Экинчиден, табак түптү биреөлор алып кетүү наркта-салтта жок-тугу. Тойгондон калган тамак меймандын кешиги, бала-бакыралар жешсин. Бул-үйдүн ырыскысы, тамак берүүде табактын түбелүктүү уюткусу сакталуусу тийиш.

Ой-пикирлер