Кирүү

Суяб

Суяб – соңку орто кылымдагы Батыш Түрк жана Түргөш кагандыктарынын баш калаасы. Суяб азыркы Токмок шаарынан анча алыс эмес жердеги Акбешим чалдыбарынын ордунда жайгашкан. Шаар тууралуу алгачкы маалымат кытай булактарында 7-кылымдын 1-жарымында кездешет. Будда кечили Сюань Цзань 629-жылы Индияга жасаган сапарында Жетисуу аймагы аркылуу өтүп баратып, өзөн жээгиндеги шаар жөнүндө эскерет. Шаарда негизинен соодагерлер, кустар (согдулуктар) жашаган. Кытайлар аны Суйе деп аташкан. 748-жылы Суяб кытай аскерлери тарабынан кыйроого учураган. Түргөш-төрдүн учурунда мында каганадыктын баш ордосу жайгашкан. Бул тууралуу 8-кылымдын башында түргөш кагандыгындагы ичара чатактарга байланыштуу эскерилет. 766-жылы Суяб ды карлуктар басып алып, аны өз ордосуна айланткан. Ушул кездеги мусулман маалымат булактары Жетисуу шаарынын катарында Суяб ды да аташкан. Ибн Хордадбек менен Кудама Батыштан Чыгыш Түркстанга бараткан жолдогу шаарлардын катарына киргизет. Автору белгисиз "Худуд ал-Аалам" жана Гардизинин "Зайн ал-Акбар" чыгармасында 8-кылымдын орто чениндеги шаар турмушу кыйла кеңири мүнөздөлгөн. Кийинки тарыхый булактардан Суяб тууралуу маалыматтар кездешпейт.

Ой-пикирлер