Кирүү

Сүттүүбулак археологиялык эстеликтери

Сүттүүбулак археологиялык эстеликтери – Биздин заманга чейин 1-миң жылдык – б.з. 6–10-к-на таандык көрүстөндөр, аска бетиндеги жазуулар. Кочкор районундагы Кочкор – Сарыбулак айылдарынын ортосундагы капчыгайда, Жоонарык суусунун оң тарабындагы секиде жайгашкан. Эстелик 1990-жылы археолог К. Табалдиев тарабынан белгиленип, 1995–96-жылы КУУнун жана Германия Археол. ин-нун археологдору казуу иштерин жүргүзүшкөн. Көрүстөндөр тоо этегиндеги үстү түз секилерде жана Жоонарык суусуна куймасы Сүттүүбулак суусунун боюнда жайгашкан. Секинин үстү айдоо аян-тына айландырылганда түрк элдерине (6–10-к.) таандык көрүстөндөр жана маркумду эскерүү үчүн орнотулган коргончолор жок болгон. Көпчүлүк көрүстөндөр байыркы мезгилде эле уурдалган. Ошого карабастан, көркөм өнөр, искусство, тиричилик, согуш өнөрүн чагылдырган табылгалар арбын. Сүттүүбулак археологиялык эстеликтери – Биздин заманга чейин 1-миң жылдык – б.з. 6–10-к-на таандык көрүстөндөр, аска бетиндеги жазуулар. Кочкор районундагы Кочкор – Сарыбулак айылдарынын ортосундагы капчыгайда, Жоонарык суусунун оң тарабындагы секиде жайгашкан. Эстелик 1990-жылы археолог К. Табалдиев тарабынан белгиленип, 1995–96-жылы КУУнун жана Германия Археол. ин-нун археологдору казуу иштерин жүргүзүшкөн. Көрүстөндөр тоо этегиндеги үстү түз секилерде жана Жоонарык суусуна куймасы Сүттүүбулак суусунун боюнда жайгашкан. Секинин үстү айдоо аян-тына айландырылганда түрк элдерине (6–10-к.) таандык көрүстөндөр жана маркумду эскерүү үчүн орнотулган коргончолор жок болгон. Көпчүлүк көрүстөндөр байыркы мезгилде эле уурдалган. Ошого карабастан, көркөм өнөр, искусство, тиричилик, согуш өнөрүн чагылдырган табылгалар арбын.

Ой-пикирлер