Кирүү

Сүр сактап берүү

Сүр сактап берүү. Элибиз мал киндиктүү болгон соң согум союш жагынан салты да, нарктты да, кааданы да катуу сакташкан. "Ооз тийбей калбасын" - деп, алыстап жүргөндөрүнө атайын чүйлүүлөп эт арнап, аны жыл маалы зардектей кургаткан. Бирок, даамынан тап жылдырбай, келээр-берээр күнүн күтүшкөн. Камбыл байбичелер табы менен туздаган. Эт муздакта туруп, жылуулук келгенде абага какшып кетпоеге аны унга катышкан. Бир тууган жеңелери "Уулга сактадым эле", "Кичине балага сактадым эле"... "Жээн келет", "Кудам келет" деп, алар келген күнү ак жайда уй эле эмес, жашыл конуш да сүр жыттанып, мурунду кытыгылап ка-луучу... Эт, сут тамактарын кармоодо кутмандуу элибиздин айла-кердиги укмуш эмес беле?!.

Ой-пикирлер