Кирүү

Сүйүнбай Эралиев. Мен–кыргыз

1.
Сыймыкка толо жүрөгүм,
Шаттыкка толо көңүлүм.
Толкуп да ташып жүрөмүн,
Дайрага окшоп көк ирим.
Той түшүп Манас" деп,
Турасыңбы, алымсынбай, аны аз деп?
Ук эмесе:
Келген жоону аңыртып,
Кетүү үчүн улам конуш жаңыртып,
Жел мисалдуу бир орунда турбапмын,
Анан кантип жерге эстелик курмакмын?!

Муну болсо, бузуп-жарып өчүрүп,
Өрттөп болбойт... Кетүү керек бир гана,
Ооздордон ооздорго көчүрүп.
Анын бийик залдары бүт салтанат:
Ал залдарда элдин өлбөс жүрөгү,
Ар-намысы,
Эрдик даңкы сакталат...

Мен ошентип, коңулунда өмүрдүн
Көп жүрүпмүн,
Кантип анан көрүндүм!
Бирок, тобоо, көрүп аман калганга,
Бардык түрүн жерде болгон өлүмдүн.
А болбосо, мен өңдөнгөн көк булак,
Калды тарых чөлдөрүндө куркурап...
Сен таанысаң мени "Кыргыз" деп бүгүн,
Бир жагынан бул бир эрдик–көктүгүм
Дайра болдум–күркүрөгөн көк ирим,
Жаңырыгы бүт дүйнөгө угулган.

–Ээ, калайык-калың журт,
Кана дагы менин айткан жарымды ук!
Бүткүл жергем–
Ак дасторкон салынган,
Кел, келгиле,
Конокторум сагынган!
Арабызда бөлөк бөтөн эч ким жок,
Баарың–тууган,
Баарың–жакын кошунам.
Түбүбүз–бир,
Бара жаткан максат–бир,
Ой да бирөө–биз баарыбыз кошулган.
Биз чынында–бир үйдөгү көп бүлө.
Кана эмесе, туугандар,
Кандаш достор,
Төргө!
Төргө!
Өткүлө!
Өз үйүңөр, олтургула жай алып.
Кокуй, ылдам келтиргиле чай алып!
Кыйын эмес бизге турмуш белеси,
Катар бассак ийинге-ийин таянып.
Силер менен–биздин элдик-журтчулук,
Силер менен бир көрүктө курчудук...

Ал, алгыла,
Кыргыз даамын таткыла!
Сый-сыпатка кое турган иш мына,
Кийгизерге тон мына,
Урмат кылып мингизерге ат мына!
Баса, бизде аттын баары Ак-Кула.
Данкы жаткан кыздын баары–Каныкей,
А жигиттер–Манас чыкты бактыга...

5.

Тагдыр элге жер-суу бөлүп берчүдө:
Жалаң тоо-таш тийгенби деп энчиме,
Болду кечээ кейип жүргөн күндөр да,
Азыр алар айланганын кенчиме,
Кыдыргыла,
Карагыла-көргүлө,
Буга курсант ар бир айыл, ар бүлө.
Ар кимдин бар туулуп өскөн турагы,
Аны өзүнчө сүйөт ар ким, туурабы?
Менин сүйүүм–
Ар жаңырган ай окшоп,
Жаңы жана жаш боюнча турганы!

Жер–ата-эне,
Балдарынын натуура
Жоругуна карай алат катуу да.
Мекен–бирөө,
Болбойт аны алмашуу,
Же болбосо, сатып алып, сатууга...
Мен батыштан жолуктургам бирөөнү,
Кечээ күнкү чоң согуш–чоң сыноодо,
Тууган жерин сатып болгон күнөлүү.
Басып келди окшоп сасык тумоого:
"Кыргызсыңбы? шыбырап-жай сурады,–
Тууган жерден топурак,
Же бир уурттам суу барбы?"
Ээ, жан достор,
Алсын тууган жер менен,
Маңдайыңа бүткөн каның, тер менен!

6.

Куттуу болсун күнүң, Республикам,
Тоо-талаасы дүңгүрөгөн той менен!
Ырым сунам, гүл ордуна бир тутам,
Сен жөнүндө ыйык сезим-ой менен!
Ошол бир ой бирге жүрдү биз менен,
Күндөрдө да–тынчып эмгек иштеген,
Же согушта, кан төгүшкөн учурда,–
Анда такыр бөтөн ойго орун жок,
Ойдун баары–жоого ок болуп учууда.
Бирок бомба, снаряд жарылып,
Жер бүлүнүп жаткан катуу уу-чууда,
Бир ой өзүң жөнүндө,
Жаш баладай, түшүнбөгөн өлүмгө,
Кайдан-жайдан кирип келе калчу эле:
Атам болуп,
Энем болуп элестеп,
Же суу болуп,
Түшкөн тааныш белестен,
Боз үй болуп,
Же болбосо андагы,
Көң-тезектин жыты болуп жел эзген,
Бир заматта кирип келчү ойлорум.
Эми бүгүн жаным гүлдөп кубанып,
Кут болсун дейм күнүң, Республикам!
Таасим кылып, аягына куланып,
Ырым сунам, гүл ордуна бир тутам!
Сунам аны сени сүйгөн жүрөктөн:
Күлүк аттай элирип,
Ооздугун кемирип,
Ойноп турган өзүң берген ысык кан!
Куттуу болсун бараткан ак сапарың,
Эсен-соо бол, тышкары бол кырсыктан!

Ой-пикирлер