Кирүү

Сүйүнбай Эралиев. Казак тууганга

Казак, кыргыз–бир тууган
Байыртан бери бир суудан
Ичсе да бирге ичишип,
Бет жууса–бирге бет жууган.

Жамандык баштан бир өткөн,
Жакшылк баштан бир өткөн,
"Тууганбыз"–десек сөзүбүз
Жүрөккө жетет жүрөктөн.

Бир кезде келген табылбай
Тарыхта катар издери.
Бир ырдын эки сабындай
Өмүрлөр окшош биздеги.

Казакта жээн, бөлөм көп,
Аларга шашам келем деп.
Жолукканда ырдалаар
Ортодо ыр да, өлөң көп.

Мен келсем казак айлына,
Билинбейт кыргыз экеним.
Өңүндө жоктой айрыма,
Жаны да бирге эки элдин.

Ооба, биз тууган эки элбиз,
Ушунча жакын экенбиз,
Бир эненин эки эгиз
Уулуна окшоп кетебиз.

Эки калкта бир гана
Эски, жаңы адат-салт.
Кими кимге ини, ага–
Билбей башың адашат.

Мейлиң, менин иним бол
Меилиң менин агам бол;
Айтор, качан болсо да,
Казак борум аман бол!

Ой-пикирлер