Кирүү

Сөздөр жана алардын мааниси

Сөздөр жана алардын мааниси.

Бир киши узун жолго чыгып жатып, үйүндөгү эки кап толтура буудайын кошуналарына, мен келгичекти карап бергиле деп берип кетет.

Кошуналарынын бирөө буудай салынган капты үйдүн бурчуна катып коёт. Беркиси буудай салынган капты ачып, айдап даярдап алган талаасына сээп салат.

Буудайдын ээси келет да, бир кошунасына барып, буудайын сурайт, кошунасы буудайды катылган жеринен чыгарып берет. Сыртынан таза көрүнгөн капты ачканда, буудайдын кээ бирөө чирип, кээси курттап, күбө басып кеткенин, буудайдын ишке жарабай калганын көрөт.

Ал бош капты эмне кылмак эле? Жини келип бурулуп, берки кошунасына келип, буудайын сураса, кошунасы аны колунан кармап алып:

- Жүр мени менен. Сага буудайынды көрсөтөйүн, деп, эгилген бир талаага алып барат. Талаанын башына барып, мол түшүмдүү талааны көрсөтөт: "Мына, буудайың. Сактап койсом, чирип кетмек, ошондуктан буудайынды талааага чачып жибергем. Эгинди оруу-жыйуу убагында мол түшүм алабыз. Берки киши абдан ыраазы болот да:

- Кудайга шүгүр. Камбыл, түшүнүктүү бир досум экенсиң. Берки кошунам сөздүн маанисин түшүнө албаптыр. Капты ачпай, катып жатып алып, ичиндегилерин жараксыз кылды. Бу досум болсо сөздүн маанисин жакшы түшүнүп, каттын сыртын ачып, ичин окуду. Кымбаттууу досум! Жайында талаадан алган түшүмдөн эки кабын мага жибер, калганын сен ал. Сага берген буудайды, түшүнүктүү болгонуң үчүн сага ыраазычылыгым катары кабыл алышынды суранам, деген экен.

Ой-пикирлер