Кирүү

Солтодогу көтөрүлүш

Августтун 10-числосу чамасында Нурмамбет, Ысык Ата элдери көтөрүлүп, Сын Таш кыштагын талаган. Малын алып, калган бал-челектерин кыйраткан. Катын-бала аралаш беш орус өлгөн. Гушин деген Пишкектик бай орусту ылдыйкы Көк Кыяда Корчунун балдарынан Алооке өлтүргөн. Мындан кийин эл Көп Бейиттеги орус кыштагына чогулуп кеңеш кылып, ушундан баштап тыңдап кол курап, Канааттын Токмоктогу аскерине кошулган. Канаат келип бир кулакты камаганда, Жусуп Абыке уулу (Бөлөкбай солтосу) элден бөлүнө орусту жалгыз качырып бара жатканда окко учкан Нурмамбет, Ысык Ата, шамшы, бурана, тынай элдери жалпы Кочкорго түшүп, Канаат жеңилип калганда баарысы кайтадан Ысык Ата, Аламүдүн аша Чүйдөгү жерине келген.

Ысык Атаны ашып келген элден бир далай түтүн тоого бекинип жатканда Пишкекте уездге жигит болуп жүргөн Төлөмүш таз жана Сарпбай деген солто аскерин тоого баштап барып, айылдагы катын-баладан силердин эркек бүлөңөр кайда кеткен, айткыла, өлүм жок, тийбейбиз дегенде, катын-бала ише-нип, тоого жашынгандарды айтып берген. Алардын баарысын чогултуп алып келип, Кош Булак деген жерге кырган. Баарысы 150 киши өлгөн. Ошол тууралу Ысык Ата, нурмамбет элдеринде ырдалып калган ыр: Төлөмүш менен Сарыпбай,

Эл жыйнады талыкпай.

Казак-орус башчысы,

Айдап кел деп айкырды

Төлөмүш деп чакырды,

Мындан башка беш калмак деген жети үйлүү киши Кегетинин күн батышы Очор деген башы туюк, оозун эч ким аңтарбай турган тар жылгада бекинип жатып, талаадан эгин алып, оокат кылып жүргөндө бир күнү кечке жакын талаадан жылганы көздөп чыгып бара жаткан бир кишини алыстан орустар байкап көрүп, түн боюнча камынышып тоого чыгып, күн чыгарда туш-тушунан камап алып, жечи уйлүү кишини бүтүн кырган. Мындан башка да бирин-бири өлтүрүлгөн киши көп болгон.

Солдатка барбайбыз, кызматчы бербейбиз деп дейдыйкан, орто чарбалар бузулуп турганда соку- элинен кытай уругунан Эгемберди Сарык уулу кедейлер бирлешип, Сокулукка бээ союп, көтөрүлүш чыгарууга сөз байлашкан. Жамансарт эли тоодогу бал-челекчи орус Алёшканы бир баласы менен өлтүргөн соң Ак Суунун приставы 9 солдат менен барганда төбөй уругунан Ырыскул деген кедей качырып, буларды кайта кубалаган. Экинчиде 50 солдат эл болобуз деп алдап, кыргыздын жабдыгын алган. Тоодон айдап келип, 100 кишини Ак Сууга түнөтүп, жол чубай эртесинде 60 кишини өлтүргөн.

Эгемберди Сарык уулун жолдо же Пишпекте өлтүрүлгөнү маалим эмес. Жолдо келе жатканда киши качып кутулган. Калган 25 кишинин Пишкекке айдап келип, Алматы жолундагы Кара Жыгачка айдап барып өлтүргөн. Тоодон экинчи күнү актык кагаз алабыз деп участковой Гривановский келгенде бир далай кишини орус, кыргыз, өзбек балталап өлтүргөн. Анын эртеси Енчин деген стражникти баш кылып 60 орусту жабдыктаи, поого жиберип, бекинип жүргөн кыргыздын катын-балдарын издетип жүрүп нечен күнү кырып өлтүргөн.

Ырысбек Осмонбек уулу, Сарбагыш Мыктыбек уулу, Айылчы Татыбек уулу, Бектай Чолпонкул уулу, Алымбек Дыйканбай уулу, Жантай Кененеары уулу Николайдын тилегин тилеп, көтерүлүшкө чыккан кыргыздан көп адамды өлтүргөн. Өзбектин балдары да Николайдын тилегин тилеп турган. Мааке уулу деген бир уруу айылдан 31 жан өлтүрүлгөн. Кара Балтада Сатай кыштагынан 14 киши өлтүрүлгөн. Өтөгөн кыштагынан 160 киши өлтүрүлгөн. Талды Булак кыштагьңган 144 киши өлтүрүлгөн. Жана да 308 кишини кара мужиктер жана анын катындары Ак Суудагы короого камап алып, айры менен сайгылап, орок-балта менен жана таш менен жанчып өлтүргөн. Мындан башка жаман сарт элинен 150 чамалуу киши өлтүрүлгөн. Тоодо-талаада бирин-серин жүргөн кыргыздарды өлтүрүп турган 10-20дан жабдыктанган мужуктар жыйылышып бир , айга жете кыргыздарды өлтүрүп, мал-мүлктү, жууркан-төшөктү талап турган. Тоодон талаага көчүп келе жаткан бир бала жигитти мужуктар атып өлтүргөндө, анын энеси бир орусту алкымынан алып, муштагылап жатканда аны да атып өлтүргөн. Жаш колуктусу мен күйөөмдөн калып не боломун деп жерден таш ала бир мужукту уруп калганда аны да өлтүрүп, мал-мүлкүн бүт талап алган. Өлгөн кишинин эсеби 700 чамалуу болуп, өлтүрүштүн аягы Хашкенден Кропаткин келгенде гана токтогон. Кропаткин бул жердеги ишти токтотуп, орустарга мылтык берип жабдып, Ысык-Көлдүн айланасы менен Чүйдө, Кочкор, Жумгал Атбашы Нарынга турсуд деп буйрук кылып кеткен.

Кропаткин кеткенден сон. өлүм токтосо да мужуктар чогулуп келип кыргызда акым бар деп Өктөбүр өзгөрүшүнө чейин мал төлөтүп алганы кал-багаи. Олуя Атага караган Ашмара, Чалдыбардагы 5№И болуш -солто көтөрүлүшкө катышпай.тынч тур-ган. Күн батыш жагындагы меркилик казактар чогулуп, Ак Көз дегенди кан көтөрүп жатса, аны угуп Меркинин приставы барганда казактар пристав менен атышып, пристав Меркиге качкан. Казактар Меркинин жанындагы Кузьминка деген кыштакты өрттөп, зымды кыркып, көпүрөнү бузуп, эки-үч арабада кетип бараткан орусту өлтүрүшкөн. Булардын көтөрүлүшү 7-8 күндөн кийин басылган,

Ой-пикирлер