Шергазы
Шергазы (18-кылымдын аягында жашаган) – Атаке баатырдын Россияга жиберген элчилеринин бири. 1785–89- ж. Россия империясынын борбору Санкт-Петербургга Атаке баатыр Тынай бий уулунун (сарыбагыш) жиберген биринчи кыргыз элчилигинин жетекчиси Абдрахман Алкучаков менен бирге 1786-жылы 15-мартта Россиянын императору Екатерина IIнин салтанаттуу кабылдоосунда болгон. Тарыхый документтерде ар кандай маалыматтар жолугат: алсак, Атаке өз каттарында: "Абдырахман менен Шергазыны" жибердим десе, Россиянын борборундагы документтерде аны "Уразбай" деп аташат. Азырынча бул суроону тастыктоого жетишерлик маалымат болбогондуктан, Уразбай Шергазынын атасынын аты болуш керек деп да болжолдошот.
- Cолто менен таластык багыш кыргызынын согушу
- Манапчылык
- Камар ад-Дин
- Этносоциология
- Советтер союзунун баатырлары
Ой-пикирлер