Кирүү

Шер датка

Шер датка – кыргыздын багыш уруусунун кутлук-сейит тобунун белгилүү бийи. Фергана кыргыздарынын көрүнүктүү инсаны. 1870-жылдардын башында Кокон ханы Кудаярды адилеттүү хан менен алмаштырууну көздөгөн кыргыз бийлерине демилгечи болгон. Мураскор издеп Самаркандагы, Хорезмдеги хан урпактарына барган. Алар хандык бийликке макулдугун бербеген соң, 1872-жылы кеч күздө Ташкендин жанындагы курамалык Абдымомун Шамурзак уулунун үйүнөн (к. Момун Шамурзак уулу; Искактын 1873–74-жылдардагы Аксы көтөрүлүшү) таанышкан Искак Асан уулун "Полот хан" деген ат менен Кудаяр ханга каршы күрөштү жетектөөгө үндөгөн. 1873-жылы жазында Ш. д. Искакты Аксынын Сафедбулон деген жеринде Кокон ханы деп жарыялоого жетишкен. Ошол жылы Аксыда, Экисуу арасында, Алайда жана Фергана өрөөнүнүн түштүк- батышында Кокон ханы Кудаярга каршы кыргыз элетинин жалпы көтөрүлүшү башталганда, Кудаяр кыргыздардын 40 бийин сүйлөшүүгө ордого чакырган. Алардын ичинде ордого барган Шер датка башка бийлер менен кошо өлүмгө учураган.

Ой-пикирлер