Шайлообек Дүйшеев. Тан

Кылаңгыр нурга жык толуп
булуттар булайт үлбүрөп.
Атка окшойт бул таң нык тоюп
акырда турган үргүлөп.

Жылгалар аздан агарып
"жылт" этет тоого төнүп жол.
Арчалар жерди таянып,
адырлар чубайт өгүз жон.

Жээгинде мелт-калт шыкалып
жең болуп жерге агат сай.
Чала уйку көздөй кызарып
чарчаган чычырканактар...

Жашыл төр. Жалбыз төгүлгөн
бел, бейит көзгө жай жылат.
Жылкылар келет эгинден
туяктар көктө шыңгырап.

Жалгыз там, Бешик сырдалган,
ээр токум. Жалгыз сарай тур.
Ашкана, керме кир жайган
аш үстөл, жаайт таранчы...

Дагы сунуштайбыз