Кирүү

Шайлообек Дүйшеев. Аптап

Талаа өзөн таппайт кайда катаарын.
тандыр кылып кактап барат чөл деми.
Күндү бирөө алып келип атайын
Токтогулга таштап кеткен өңдөнүп.

Кулайт аптап кучагына чөптөрдүн,
кумурскалар чарчап жылат, жай жылат.
Тамчыга окшоп таранчынын көздөрү
закым урган жолду тиктейт жалдырап.

Талыйт куштун канаттары ысыктан
араң чыккан короздордун үнүнө.
Талыкшышат тал-теректер, ысыйт чаң
көлөкөлөр качат тамдын түбүнө.

Ысыйт баары, ысыбоого жок дарман.
боюн таштайт кудуктарга чакалар.
Боюн таштайт кудуктарга бош калган
кумда жатып жинди болгон бакалар.

Булак кирет, булут кирет түшүңө,
"мөлт" дейт карек мөңгү баскан чокуга.
Бүткүл денең күнгө айланып кичине,
бүт денеңе сиңет жердин оту улам...

Ой-пикирлер