Шаар бузулду
Шаар бузулду. Илгертеден келе жаткан нарктуу сөздүн мааниси мындай: үй-бүлөчүлүктө бирөөнүн ашкере маанайы, төгүлүп турган жылдызы, мээрими, адамдын аруу касиети бар. М.а. кут болот. Ал ошол үйдүн шооласындай туюлат. Кокустан анын көзү өтсө, бая-гыдай эмес, үй ичи комсоо, келди-кеттилердин аягы тыйылат. "Кай-ран жан кетти эле, шаар бузулгандай абалда калды. Эми андай кай-дан жаралат" өндүү өкүнүчтүү сөздөр ийинден тына айтылып калат. Албетте, бул ургаачыларга, эркектин жакшы жарына карата чыккан туюнтма.
- Ала-Тоодон кийинки сүйүүбүз көл бети
- Эшек курту мурунунан түшүп
- Туура жол эмес
- Иттартыш (итталаш)
- Санга кылчылбыр салуу
Ой-пикирлер