Семетейдин Үргөчтөн кечиши

Манастын уулу Семетей,
Башында суусар тебетей.
Чоң дүрбүнү алды эми,
Чоюла карап калды эми.
Чагарагын имерип,
Ченеп көзгө жиберип,
Оңдоп кармап имерип,
Үргөнчтү көздөй жиберип.
Оң көзүнө салды эми,
Оолжуп карап калды эми.
Тентек туулган Гүлчоро,
Дайраны кечип барганын,
Кыз-келин менен чунагың,
Шынаарлашып калганын,
Бегимжандын койнуна,
Бейбашың колун салганын,
Койкойгон анын мойнуна,
Колун артып алганын,
Көрүп алып эр Семең,
"Кап сени!" — деп бакырып,
Сап бууданга камчы уруп,
Канчоролоп чакырып.
Ашыккандай кеп айтат,
"Аттарды току — деп айтат.
Ак жолтой туулган Гүлчоро,
Айчүрөктү тапкан, бейм.

Кыз-келин менен черүүлөп,
Бизди тосуп жаткан, бейм.
Чынкожо менен Толтойду,
Урушпай жолго салалы.
Аташтырган атакем,
Айчүрөктү алалы!
Акшуңкар качса колумдан,
Сыймыгым баштан тайганы.
Алдырып ийсе Чүрөктү,
Уятка башым калганы.
Чынкожо менен Толтойдун
Чын эле кордук салганы.
Айкөлдүн уулу Семеңдин,
Арылбайт анда арманы.
Айда чором аттарды,
Аттанып биз да баралы!
Акшуңкар менен Чүрөктүн,
Артынан кууп табалы!
Как жарып өтүп Үргөнчтү,
Как үстүнөн басалы!
Кабар кылбай Гүлчоро,
Катын, кыз менен жатабы?
Айчүрөк алып, шуңкар таап,
Анан кумар жазалы!"
Муну айтып Семетей,
Актелкини токунуп.
Аттарды айдап жөнөдү,
Аял кылбай колбутуп.
Асаба колдо жаркылдап,
Алмабаш жондо жалтылдап.
Алтын көкүл башында
Арстаның барат калкылдап.
Алып учуп жүрөгү,
Айчүрөкө алкылдап.
Кылкылдаган Үргөнчкө,
Жетип келди жакындап.
Сабасына сыйбастан,
Сапырылып ташкындап.
Үйөрлөнөт Үргөнүч,
Чаңдап, түтөп чалкылдап.
Жар түбүн түлкү жойлобой,
Чылбыр салса бойлобой.
Кечемин деген адамзат,
Өлүмдөн башка ойлобой.
Адырга түлкү жойлобой,

Аркан салса бойлобой.
Дайраны көргөн адамзат,
Акпаймын деп ойлобой.
Сурнай тартып, жез найдан,
Суу акпаган кең сайдан.
Керней тартып, жез найдан,
Кыян жүрбөс кең сайдан.
Башынан мөңгү бузулуп,
Күзгүндөп Үргөнч кутуруп.
Туш-туштан суу кошулуп,
Туйлап агып кутуруп.
Агыны катуу күркүрөп,
Адамдын бою дүркүрөп.
Жүрөгү жок адамдын,
Жүүнү калбай бүркүрөп.
Чети аппак кар болуп,
Тийген жери жар болуп.
Муну көргөн адамдын,
Кең дүйнөсү тар болуп.
Бара түшүп көбүрүп,
Батпай сайга төгүлүп.
Чалкышынан толкундап,
Чаң чыккандай көрүнүп.
Өгүздөй чоң балыктар,
Өркөчүнө чөмүлүп.
Жаткан экен чоң Үргөнч,
Жарды уруп көчүрүп.
Ажыдаардай толгонуп,
Ач жолборстой өкүрүп.
Муну көрүп Канчоро,
Муңга катып өкүнүп.
Бастыра албай сандалып,
Башы анын айланып.
Мына мындай кеп айтат,
"Абакелеп — жалбарып.
Бүгүн мында жаталы,
Кечүүнү мыктап чалалы.
Гүлчоро келер маал болду,
Андан кабар алалы.
Кечүүнү ага баштатып,
Кечип анан баралы!
Агыны катуу суу экен,
Акпай адам калабы?"
Анда Семең муну айтат,
Агартып тишин кылайтат:

"Гүлчоро кечкен дайрадан,
Канчоро коркуп качпагын.
Акылыңды алдырып,
Артыңа чором кайтпагын.
Азамат эрдин алдынан,
Агыны катуу суу келет.
Тар жол, тайгак, таш кечүү,
Тата турган уу келет.
Айкырык салган калың кол,
Аламандуу чуу келет.
Калкылдаган жер жайнап,
Каптап кара сел келет.
Алмаз миздүү, кыр таштуу
Ашуусу бийик бел келет.
Жакшы менен жамандык,
Андан коркуп азамат,
Артына кайтса болобу?
Ар-намыстан аттаган,
Андай адам оңобу?!
Качан болсо бир өлүм,
Капташпай сага коебу?!
Абаңды сынап маңдайда,
Айчүрөк карап турбайбы?
Кечпесең коркуп дайрадан,
Келеке, шылдың кылбайбы?
Абийирден безсең — абаңды,
Арбак анда урбайбы!?
Чүрөккө шылдың болгуча,
Суу түбүнө чөгөлү!
Ар — намыстан айрылбай,
Абийир менен өлөлү!
Агыны катуу дайрадан,
Ажал жетсе көрөлү".
Арстаның Семетей —
Айтканынан жанбады.
Арбактарга сыйынып,
Ар менен белин байлады.
Агытып он төрт тулпарды.
Агынга карай айдады.
Хан Бакайдын Сурчолок
Калкып кечүү баштады.
Канчоронун жүрөгү,
Кабынан чыга жаздады.
Актелки менен Семетей,
Айбыкпастан чуратып.

Жалбыраган кылкылдап,
Жардын башын уратып.
Кечти келип Үргөнчтү,
Кенебестен кулатып.
Кирген жерден жоголуп,
Сүрдүгө түшүп оңолуп.
Калкып сүзүп кайыктай,
Кайнаган сууну чогоруп.
Өкүргөн уруп туш-туштан,
Өркөчтүү сууга оролуп,
Башы араң көрүнүп,
Бакандай болуп сороюп.
Багалеги малынып,
Бабаларга жалынып.
Этек, жеңи малынып,
Эр Манаска жалынып.
"Атам Манас арбагы,
Ишимди менин колдо — деп,
Айчүрөктүн алдында,
Абийирди ойло — деп,
Агып кеткен сууга — деп,
Атакка жаман койбо" — деп.
Актелки менен Семетей,
Араң-араң көрүнөт.
Жаба урган толкунга,
Жабылып кээде көмүлөт.
Буурулду ойлоп булкунган,
Бук болуп ичтен өкүнөт.
"Күлчоро тез келбейт" — деп,
Күркүрөп шердей өкүрөт.
Актелки менен Семетей,
Агып барат айланып.
Канчоро келет караансыз,
Кара жанын карманып.
Арстан Семең муну айтат,
Арман менен арданып:
"Аргымак миндим, ат миндим,
Ал, Тайбуурулча болгон жок.
Азамат күттүм, дос таптым,
Ал, Гүлчорочо болгон жок.
Айдаганым он төрт ат,
Купулума толгон жок.
Жанымдагы Канчоро,
Гүлчорочо болгон жок."
Урунарга тоо таппай,

Урушарга жоо таппай,
Аттанарга жол таппай,
Алышарга кол таппай.
Арстандан кайтпаган,
Ажыдаардан качпаган.
Арка болуп элине,
Ата журтун сактаган,
Катылышкан душманды,
Кан кылып, жерге таптаган.
Ак болоттун укулу,
Айкөл Манас тукуму.
Көк болоттун укулу,
Көсөм Манас тукуму.
Өлгөн сайын өөрчүгөн,
Өткүр Манас тукуму.
Өчөшкөнүн кайсаган,
Өжөр Манас тукуму.
Иримге чөксө Актелки,
Ыйык жалдан көтөрүп,
Толкунга акса Актелки,
Туура тартып өткөрүп,
Араңдан, зорго кечүү таап,
Малтып жүрүп көгөрүп.
Суудан чыкты шар этип,
Этек жеңи шалбырап.
Карап турган калың кыз,
Жар башында жалдырап.
Чапкылашып туш-туштан,
Мойнунда мончок шалдырап.
Айчүрөктөн кеп сурайт,
Аламандап алдырап:
"Айта койчу, эжеке,
Семетей деген ушубу?
Сен алып келген Акшуңкар,
Как ушунун кушубу?!
Жездебиз биздин Семетей,
Жеткилең туулган эр экен.
Толтоюң тоодой болсо да,
Жанында мунун кем экен.
Чыңкожого өзүңдүн,
Тийбейм дээриң эп экен."
Кыздардын баары күлүшүп,
Кылактап жандай жүрүшүп.
Арыстанга ичинен,
Ашык болуп күйүшүп.

"Акылы артык эже" — деп,
Айчүрөктү жакташты.
Секет болуп кетчүдөй,
Семетейди макташты.
Кермелеп катар турушуп,
Келер жолун сакташты.
Караанына кагылып,
Кара көзүн жашташты.
Маңдайынан карасаң,
Кара кашка тынардай,
Тулку бою келишкен,
Жайкалган жашыл чынардай.
Кенебеген баатырдын,
Кеңдиги кенен Таластай.
Келберсиген майланып,
Келбетин көрсөң Манастай.
Ысыгы жайдын айындай,
Ыдыгы кыштын каарындай.
Толкундаган чунактын,
Толкуну көлдүн шарындай.
Оң жагына бет алса,
Оңду бузуп алгындай.
Сол жагына бет алса,
Солду кайсап салгындай.
Кармаша келген душмандын
Кайышып бели сынгындай.
Аркалаган баатырга,
Ата журт көөнү тынгындай.
Ажары анын ай, күндөй,
Ааламды жарык кылгындай.
Калган кезде жакындап,
Кашка тиши жарк этип.
Калтырады кыз-келин,
Карай албай барк этип.
Акундун кызы Айчүрөк,
Аргымактай кайкайып.
Тал боюнда өөнү жок,
Тал, теректей чайкалып,
Жүрүшү сонун ыргыштап,
Ак жорго аттай чайпалып.
Көк сүлөөсүн, кундуз бөрк,
Оң чекеде кыйшайып.
Сылык туулган Айчүрөк,
Сылаңдай басып суйкайып.
Адамды тартып өзүнө,

Ак маралдай маңкайып.
Алдынан чыкты Семеңдин,
Ай менен күндөй кашкайып.
Айчүрөктү көргөндө,
Айкөлдүн уулу залкайып.
Толгон айды көргөндөй,
Туруп калды таңданып.
Муну таштай салалы,
Айчүрөк менен Семеңдин,
Тоюнан кабар алалы.

Дагы сунуштайбыз