Семетей. Семетейдин айчүрөктү издеп жөнөшү

Жыргалдуу Кең-Кол жеринен,
Ак калпак кыргыз элинен,
Кайнардын кара көзүнөн,
Как чынардын өзүнөн.
Төрт-Көлдүн төмөн жагынан,
Төрөңдүн сайган багынан.
Баркөлдүн маңдай жагынан,
Бакайдын салган тамынан.
Жергенин сары талаадан,
Чатырап жаткан шалбадан.
Аз олуя Баркөлдөн,
Кыз олуя Кең-Колдон —
Ала-Көлдүн кашынан,
Айдың-Көлдүн сазынан.
Жекендүү көлдүн жээгинен,
Камыштуу көлдүн четинен,
Өрдөктүү көлдүн өзүнөн,
Шабырлуу көлдүн бетинен,
Акшуңкарды качырып,
Ак белести ашырып,
Ат арытып чапкылап,
Алыскы жерден кеп угуп,
Акундун кызы Айчүрөк,
Алып кетти деп угуп.
Аркасынан Чүрөккө,
Барамын — деп, дем уруп,

Хан абасы Бакайдай,
"Акыл, кеңеш алам — деп.
Айчүрөк менен шункардын,

Аркасынан барам — деп,
Аташканым Чүрөктү,
Аялдыкка алам — деп,
Чынкожого алдырып,
Кантип карап калам — деп,
Айтып турду Семетей,
Акылман Бакай абам" — деп.
Бу дүнүйө жалганда,
Көрбөгөн адам арманда.
Бакай айтпай турабы,
Жол сурап Семең турганда.
Акылман Бакай кеп айтат,
"Абайлап уккун" — деп айтат.
Чымыркап Бакай кеп айтат.
"Чырагым уккун" — деп айтат:
"Баатыр жомок.
Сары хандын Туучунак,
Каныкейдин аргымак.
Абыкенин Актелки.
Көр Көбөштүн Суртелки.
Уйдан жоош кең колтук,
Азык арткан Акборчук.
Алты жууркан, беш мамык
Аны арткан Айбанбоз.
Шоошактын башын чалбаган,
Чуңкурга бутун салбаган,
Жекендин башын чалбаган,
Жээренге жетпей калбаган.
Күрүчүн жазда айдаган,
Күрүчкө күлүк байлаган.
Арпасын арбын айдаган,
Арпага күлүк байлаган.
Күндө жарак шайлаган,
Күрөшкөн жоосун жайлаган.
Айда жарак шайлаган,
Атышкан жоосун жайлаган.
Алты айга минсе арбаган
Азуусун сөйкөп карбаган.
Жети айга минсе арбаган,
Тиштерин сөйкөп карбаган.
Караңгыда калт этпес,
Башка чапса жалт этпес.
Алаштан чыккан он төрт ат,
Жооруп, чарчап жалп этпес.
Гүлчоро менен Канчоро,
Экөө бирдей эр чоро.
Ээрчиткени Семеңдин,
Эки бирдей шер чоро.
Арстандын уулу эр Семең,
Кайгырбаган эр немең.
Эрендин уулу эр Семең,

Элебеген эр немең.

Жетим калып жетилген,

Эркин өсүп элирген.

Эчтемеден кайтпастан,

Ителгидей теминген.

Ат көтөргүс зор болуп,

Ала-Тоодой керилген.

Кайтпаган жоонун баарынан,

Кайраты артык кабылан.

"Кайыр, кош" — деп элине,

Камылга кылып абыдан.

Аттарынын кундуздай

Куйрук, жалы төгүлүп.

Алты сан кыргыз элинен,

Алыстап чыкты бөлүнүп.

Ак асаба, кызыл туу,

Айгайлаган ызы-чуу.

Наакери бутта чойкоюп,

Сыр найза колдо койкоюп.

Кылыч белде кыңгырап,

Айбалта жанда шыңгырап.

Ай далыга жарашып,

Аккелте элди каратып.

Канчоро катуу ат айдап,

Гүлчоро кошту бат айдап.

Аттардын башын чулгутуп,
Топону көккө бургутуп.
Бөкөйдүн бөксө жол менен,
Бөрү жортпос жон менен.
Казылган кара шор менен,
Карышкыр жүрбөс жол менен.
Чалгындуу тулаң чөп келсе,
Чалдырбай жүрүп олтуруп.
Кайнарлуу булак суу келсе,
Каптырбай жүрүп олтуруп.
Оргуган аппак шор менен,
Он төрт күнү жол жүрдү,
Айлана кара тоо менен.
Айланып узак жол жүрдү,
Күнү-түнү алтымыш
Ат аябай мол жүрдү.
Тутумдашкан карарып,
Тоо түгөнүп түз болду.
Жорто-жорто бөлүнүп,
Жол айрылып үч болду.

Токтогон жери жолборстун,
Күн кеч кирип түн болду.
Санап көрсө Семетей,
Санаты кырк беш күн болду.
Каныкей сөзүн эске алып,
Бакайдын катын карады.
Алаштан чыккан он төрт ат,
Сүмбөдөй болуп жарады.
Тоо түгөнүп сай болуп,
Сай түгөнүп саз болуп.
Бакайдын кылган катынан,
Болжолу түгөп, аз болуп.
Айткандай Бакай болуптур,
Күн эсепке толуптур.
Артып алган аттарга,
Суусу байып, соолуптур.
Эр арыктап, най болгон,
Ат арыктап, тай болгон.
Чарчаганда чаалыгып,
Суу табылбай сай болгон.
Жиниккенде араңда.
Жер сонуну көрүндү.
Чаңкап таңдай катканда,
Суу сонуну көрүндү.
Булагы оргуп сайында,
Күкүгү таңшып талында.
Ар кубултуп тил безеп,
Булбулу сайрап багында.
Төр-төрүнөн карасаң,
Төгүлүп гүлү бураган.
Төшөгүңдөй төшөлүп,
Түрлүү тулаң булаган.
Өрүгү чирип көң болгон,
Көргөн адам мас болгон.
Өзөн, дайра, көлүнө
Өрдөк менен каз толгон.
Ачылып гүлү аңкыган,
Адамдын көөнү чалкыган.
Жойлогон жери чочконун,
Кемегедей казылган.
Төшүнө кайып жабылган,
Айдаган малдай жайылган.
Ырыскына адамдын,
Издегени табылган.
Чырпыгы бар чынардай,

Чынары бар мунардай.

Чымчыктарын карасаң,
Башка жердик улардай.
Чырылдаган үнүнө
Чыдап пенде тура албай.
Таранчысы өрдөктөй,
Талдары бар түркүктөй.
Бүркүттөрү үзүктөй,
Чычкандары күчүктөй.
Жекендери челектей,
Балтырганы билектей.
Маралдарын карасаң,
Мала кашка инектей.
Ор коену улактай,
Куландары кунандай.
Кунандарын карасаң,
Куруп салган дубалдай.
Кескелдирик жойлосо,
Кере кулач жыландай.
Жыландары чубалса,
Кере тарткан аркандай.
Эрен Семең чунагың,
Жерди көрдү ар кандай.
Жергелеп адам конгудай,
Жерле тартып койгундай.
Үйдү тиксең өрүштөн —
Май агып пенде тойгундай.
Арыстаның Семетей
Атынын башын бурганы.
Аркасына кылчайып,
Балдарга айтып турганы;
"Кештелүү калпак, кең шалбар,
Кеңешим айтам жаш балдар.
Саймалуу калпак, кең шалбар,
Санаамды айтам жаш балдар.
Алты күн өргүп бул жерде,
Ат сергитип алалы,
Анан Чүрөк баралы!
Жети күн өргүп бул жерде,
Бой сергитип алалы,
Анан Чүрөк баралы!
Жеткилең туулган Чүрөктөн,
Шуңкардын жообун алалы!
Жолукса Толтой, Чынкожо
Аянбай найза салалы.

Атабыз Манас болгон соң,
Аянып кантип калалы!
Ууруча шаарга кирбейли,
Учугуна тийбейли!
Атага наалат келтирип,
Абийирден кетип жүрбөйлү!"
Эр Семетей баатырың,
Балдарга мындай кеп айтты.
"Гүлчоро менен Канчоро,
Кошту түшүр" — деп айтты.
Төрт төбөлүү көк чатыр,
Танаптарын тарттырды.
Жез бурама казыгын,
Жерге мыктап кактырды.
Кермелерин чойдурду,
Кемегесин ойдурду.
Арбактарга ататып,
Кер байталды сойдурду.
Көмкөрмөлүү казанын
Алып келип астырды.
Арчадан кылган чөмүчүн,
Эт оодартып бастырды
Муну мындай таштайлы,
Семетейди Айчүрөк,
Тосконунан баштайлы.

Дагы сунуштайбыз