Семетей менен айчүрөктүн тойу

Семетей менен айчүрөктүн тойу

Таң калганы курусун,
Ташка салып куручун.
Гүлчоронун жактырбай,
Кыздар менен турушун.
Айланада кыздарды,
Адамбы — деп санабай.
Айчүрөктүн танданткан,
Ажарына карабай.
Манастын уулу Семетей,
Күңгүрөнүп, күүлөнүп.
Мына мындай кеп айтат,
Гүлчорого сүйлөнүп:
"Жолду качан чаласың?
Жоопту качан аласың?
Кыздарды көрсөң жолуңан,
Кырыңан кетип каласың.
Кепти качан аласың?
Кесирлүү чунак баласың.
Келинди көрсөң жолуңан,
Кергиштешип каласың.
Акшуңкар качан табасың?
Айчүрөк качан барасың?
Алдыңан чыкса кыз-келин,
Акылдан азып каласың.
Кайгуулга качан барасың?
Кабарды качан аласың?

Жолдо жүрсөң маминтип,
Жоболоңго каласың.
Акун хандын шаарына,
Алып качан барасың?!
Чынкожо менен Толтойду —
Чын эле качан аласың?!
Кастарлап тиккен үйүң жок,
Хандан уккан кебиң жок.
Көтөрүп тиккен үйүң жок,
Көңүлдү табар жериң жок.
Чаңкасаң ичер чайың жок,
Чарчасаң түшөр жайың жок.
Адашып чором жүрүпсүң,
Ара жолдо дайның жок.
Беттешкен жетип кишиң жок,
Белгилүү кылган ишиң жок.
Алиге, чором, жүрүпсүң,
Акыл азуу тишиң жок.
Аттангын, чором, турбастан,
Акун ханга баралы!
Айчүрөк менен шуңкарды,
Алып элге жаналы!"
Анда чороң муну айтат,
Ак тамагын кылайтат:
"Айкөлдүн уулу, тура тур.
Атыңдын башын, бура тур.
Арыз айтам өзүңө —
Азыраак сабыр кыла тур!
Атаң Манас кабылан,
Кыйырын тосуп жол салган,
Кыйратып шаарын олжо алган.
Астыңан тосуп келгидей,
Айда алым бергидей,
Кытайдын эли мында жок.
Алты шаар Анжыдан,
Аяк жагы Самаркан.
Туурасы Ташкен, Наманген,
Ортосу Кокон, Маргалаң,
Багынды болуп Сынчыбек,
Айда алым бергидей,
Астыңан тосуп келгидей,
Анын журту мунда жок.
Аттанып чыгып алышкан,
Бирин бири чабышкан.
Жорук ачып салышкан,

Жоого тынбай барышкан.
Кызыл канын агызган
Кылымга даңкы калышкан.
Алдыңан тосуп келгидей,
Ак калпак кыргыз мында жок,
Ахавлап обон салышкан.
Асканы бийик жаңырткан.
Таруусун ташта актаган,
Катын-кызын мактаган,
Кыз кубар салып ойногон,
Иленин суусун бойлогон,
Алдыңан тосуп келгидей,
Айда алым бергидей,
Казактын эли мында жок.
Лопнур көлүн жердеген,
Сан караны ээлеген,
Сасык айран, көк курут
Нойгуттун эли мында жок.
Кошомат кылбай айтайын,
Кол байлар мында кишиң жок.
Кыз-келиндин ичинде —
Ачуу кылар ишиң жок.
Айдаганың он төрт ат,
Ээрчиткениң кош чоро.
Жолугарың эр Толтой,
Атышарың Чынкожо.
Аттанып жолго сала бер,
Ачууланбай бара бер!"
Аны угуп Семетей,
Арданып артка кер тартат.
Акылман туулган Гүлчоро,
Алдын тороп муну айтат:
"Айланайын, абаке,
Арстандыгың канаке?
Аташканың Айчүрөк,
Алдыңда турат, мынаке!
Кагылайын, абаке,
Кабыландыгың, канаке?
Каалаганың Айчүрөк,
Кашыңда турат, мынаке!
Алдырганың Акшуңкар,
Аңсаганың Айчүрөк,
Сары изинен сая кууп,
Самаганың Айчүрөк.
Ак чатыр тигип жолуңа,

Алдыңан тосуп чыгыптыр.
Кан Манас уулу келет — деп,
Калкына кабар кылыптыр.
Качырганың Акшуңкар,
Казатка минген көп тулпар.
Издегениң Айчүрөк
Алдыңда турат угуп ал.
Качырган кушуң колуңда,
Кастарлуу Чүрөк жолуңда.
Адашып кимге барамын,
Айланып кимди табамын.
Акшуңкар таптым салып кет,
Айчүрөк таптым алып кет?
Сулуулугу сымбаты,
Акылы менен кымбаты.
Чачыкейче болбосо,
Көңүлүңө толбосо,
Акун ханга айтып кет,
Албаймын деп кайтып кет!"
Аны угуп Семетей,
Ачуусун басып ойлонду.
Айчүрөктү кыя албай,
Араң-араң токтолду.
Ошондо да Чүрөккө,
Айтамын — деп колкомду.
Айчүрөккө муну айтып,
Арстан Семең ормойду:
"Жыргалдуу кыргыз элимден,
Жылас Чүрөк козгойсуң.
Сайрандап жаткан жеримден,
Сайкал Чүрөк козгойсуң.
Козгогонго жараша,
Кол куушуруп тоспойсуң.
Ойноп жаткан жеримен,
Ойлобой Чүрөк козгойсуң.
Ордолуу кыргыз элимен,
Ойрон Чүрөк козгойсуң.
Козгогонго жараша,
Кол алып эмне тоспойсуң?"
Аны угуп Чүрөк муну айтат,
Ак тамагын кылайтат:
"Жолоочу киши жол менен,
Жоокер киши кол менен.
Чоочун киши сый менен,
Чогоол киши чыр менен.

Ачууланар акың жок,
Адам уккус кеп айтып.
Акундун кызы Айчүрөк,
Аташкан жарым — деп айтып.
Менин Толтой аттуу жээним бар
Чынкожо аттуу эрим бар.
Алактаган Семетей,
Айтышар эмне жериң бар?!"
Аны укканда Семеңдин,
Ачуусу абдан келди эми.
Айчүрөктүн кебине,
Арданып мындай деди эми.
Тебелетип кетчүдөй,
Теминип атын берди эле:
"Акундун кызы Айчүрөк,
Акшуңкар берчи кетейин.
Айчүрөк сени алганда
Кай муратка жетейин.
Жолго казан аскан күң,
Жолоочу жолун тоскон күң.
Керүүгө казан аскан күң,
Кербенчи жолун тоскон күң.
Ак булутту сыдырып,
Асмандадың кыдырып.
Көк булутту сыдырып,
Көкөлөдүң кыдырып.
Кыз башың менен эр издеп,
Кылымды кезип дууладың.
Шуркуя тойбой эрге сен,
Шуңкарымды уурдадың.
Акун хандын төрүндө,
Көп олтуруп зак болгон.
Салбар болуп каргыча,
Саамайы куудан ак болгон.
Чачы куудай болгунча,
Эр албаган эски күң.
Тиши буудай болгунча,
Тийбеген эрге кески күң.
Шумкарым берчи кетейин,
Шуркуя сени нетейин.
Сени алып Айчүрөк,
Не муратка жетейин?!"
Анда Чүрөк муну айтат,
Ачуусу менен муң айтат:
"Кергиштебей Семетей,

Кетмек болсоң, кете гой.
Кементайың сүйрөлтүп,
Кең-Колуңа, жете гой!
Кары десең, кары де,
Калы дебе Чүрөктү!
Карыдан качкан сен төрө,
Кайгуулдаба Чүрөктү!
Кадырымды билбеген,
Жашты эмне кылайын.
Кары да болсо Чынкожо,
Кадырга жетет сыйлайын.
Катын болуп ага мен,
Кастарланып жыргайын.
Калтыраткан калмакты,
Кан атаң Манас башында,
Ак сакалын жайкаган,
Акылман Бакай кашында.
Туйлатып тулпар ат минип,
Тумшуктун жолун тоскондо,
Багы артып кыргыздын,
Баары журттан озгондо.
Калмактан өчүн алганда,
Карк олжого батканда,
Жеңиш менен мөөрөйлүү,
Жергесине кайтканда.
Хан Манастын калайык,
Касиетин көргөндө,
Калмактан алган олжону,
Камчыга ченеп бөлгөндө.
Ак куржундап зар арткан,
Алтымыш эки нар айдап,
Аяктай кебез байлаган,
Алтымыш кызыл жорго айдап.
Акун хан менен хан Манас,
Бел куда болгон жери бар.
Аташкан жарын албаган,
Адамдын кандай шери бар?
Караңды тоскон Чүрөктүн
Карый турган эби бар.
Кайнатам айкөл Манастын —
Сыйлабасам арбагын.
Эр албас "күң" атанып
Болбойт элем салбарың.
Кайнатам Манас өлгөндө,
Калк чогулуп көмгөндө,

Абыке, Көбөш дүйнөңдү,
Камчыга ченеп бөлгөндө.
Каракан качып Каныкей,
Катуу кордук көргөндө.
Тентип кетип, сен калдың,
Телмирип Чүрөк мен калдым.
Жашынып качып, сен калдың,
Жалдырап Чүрөк мен калдым.
Арбакты сыйлап карыган,
Айчүрөктүн шорубу?
Аялын таап албаган,
Адамдын өзүң корубу?!
Аташкан сөзгө байланган,
Карабет Чүрөк менденби?
Аялын таап албаган,
Ары жок төрөм сенденби?!
Саамайың дейсиң агарды,
Сактаганым жаманбы?
Сактаганын саргарткан,
Санаасы жок адамбы?!
Аташканым табам — деп,
Айланып учсам жаманбы?
Аялын элге алдырган,
Ары жок сендей адамбы?
Акшуңкарың колуңан —
Ала качсам саламбы?
Эсиңде жок Чүрөктү,
Эсиңе салсам жаманбы?!
Атаңдын билсең эмгегин,
Аткарсаң анын дегенин.
Ашык жарың Чүрөктү,
Канакей издеп келгениң?!
Бекер болсо эмгегим,
Берейин кушуң келбегин
Айчүрөктү эрдемсип,
Аташкан жарым дебегин!
Кара күчкө таарынып,
Карбаластап басканың,
Чынкожо менен Толтойдон,
Чын эле коркуп качканың.
Сага тийип нетейин,
Не мураска жетейин.
Алуучу күйөөм Чынкожо,
Азыр тийип кетемин.
Акшуңкарың, ала гой.

Азыр табы, сала гой,
Кетер болсоң жол ачык,
Кең-Колуңа, бара гой.
Чамаң жетпейт Чүрөккө,
Чачыкей менен, кала гой.
Жети суу толгон жерим бар,
Жедигер Толтой жээним бар.
Семетей кетсең, кете гой,
Чынкожодой эрим бар.
Аккуу болуп кубулуп,
Ак булутту сыдырдым.
Ашык жарым табам — деп,
Ааламдын бетин кыдырдым.
Көкөлөп учуп көк менен,
Көк булутту сыдырдым.
Көңүлгө толор жар таппай,
Көп элди мен кыдырдым.
Далай-далай эл көрдүм,
Далысы кең шер көрдүм.
Канча калың эл көрдүм,
Кара кулак шер көрдүм.
Аларды көзгө илбедим,
Алымсынып тийбедим.
Ашык болуп даңкыңа,
Семетей сени издедим.
Каракандын шаарында,
Качып жүрөт — деп уктум.
Калдыр тонун жонуңда,
Катып жүрөт — деп уктум.
Аташканын таба албай,
Азып жүрөт деп уктум.
Чычалаба, бирок сен,
Чыгарбаймын айбыңды
Көрүп келдим кечөө мен,
Батмачык баш зайбыңды.
Абалап учуп сени издеп,
Айтарга сөзгө пас болдум.
Ашык болуп өзүңө,
Чынкожого кас болдум.
Кадырымды билбедиң,
Кантейин көзүм жаш болдум
Эр Көкчө уулу Үмүтөй,
Кара кулак шер экен.
Калмак менен кытайдан,
Кайнап чыккан эр экен.

Ошого тийбей жүргөмүн,
Арткан элди кары — деп,
Айтарыңды билгемин.
Ала көөдөк Семетей,
Эмнеге сени издедим.
Суу бойлоп жылкы жайылган,
Субайы бөлөк багылган,
Сыйынып бутка баш уруп,
Бурканына жалынган.
Жаткан иттей кашы бар,
Жан казандай башы бар,
Аркасында бир кулач,
Билектей жоон чачы бар,
Алтын найлуу, жез канжа,
Атырайган чоң калча,
Хан Коңурга тийсемчи.
"Кары" — деп атак алганча,
Ошолорго тийбедим,
Семетей сени издедим.
Күйгөнүмө күйдүрүп,
Кары дээриң билбедим.
Кары дээриң билгенде,
Карап сени ким жүрөт,
Айлана учуп башыңан,
Ашык болуп ким күйөт?!"
Кайгырып кайран Айчүрөк,
Кара жашы сел болуп,
Кайра басты таарынып.
Калды Семең тел болуп.
Гүлчоро анда кеп айтат,
Кулакка жаккан эп айтат:
"Ишенген жеңем сен болсоң,
Издеген кайниң мен болсом.
Айчүрөк шашпай тура тур,
Акылы артык кең болсом.
Талабың ташка чаппагын,
Таарынчың алат, абакем.
Кекөлөтүп өзүңдү,
Көңүлүң алат, абакем.
Кубуңа толгон жарыңды,
Кубалап кайда кайтасың?
Кашыңда турган кыздарга,
Кантип жооп айтасың".
Муңайып Чүрөк муну айтат,
Муңдуу сөзүн чубалтат:

"Каргышка калган канкоруң,
Карып калдың — деп айтат.
Асмандап учуп эр издеп,
Азып калдың — деп айтат.
Салбар болуп төрүңдө —
Сасып калдың — деп айтат.
Мындай кепти уккуча,
Өлүп кетсем болбойбу?
Кара жерге казып бек,
Көмүп кетсең болбойбу?!"
Гүлчоро жана кеп айтат,
Күлө сүйлөп бек айтат,
Семетейге жеме айтат,
Айчүрөккө тең айтат:
"Айланайын, абаке,
Акылман туулган, жеңеке.
Алышпай жатып айтышып,
Ар кимге болбо келеке.
Кагылайын, абаке,
Кадырлуу Чүрөк, жеңеке.
Көрүшпөй жатып урушуп,
Көпкө болбо келеке.
Армандап жүрүп табыштың,
Айтышпай эми табышкын.
Издешип жүрүп табыштың,
Эрегишпей табышкын.
Ак седеп күрмөң агылткын,
Айкалышып канышкын.
Кумар болгон Чүрөктүн —
Кусалуу дартын арылткын!"
Акылман туулган Гүлчоро,
Аталуу кептен айтканда,
Ырыс алды ынтымак,
Ыркка экөөнү тартканда.
Айчүрөк менен Семетей,
Аталуу сөзгө жыгылды.
Кечиришип бир-бирин
Кергилешпей тыйылды.
Жадырашып, жалжылдап,
Бири бирине карашты.
Ай менен күн тогошуп,
Айкалышып жарашты.
Гүлчоро менен Канчоро,
Күлүктөрдү айдады.
Айчүрөккө Семетей,

Артып колун жандады.
Ак ордодо табышып,
Армандары калбады...
Ордого булар жеткен соң,
Сыр түйүнүн чечишип,
Мурунку өткөн залдарлуу,
Каарынан булар кечишип.
Ортодо кыйла сөз өтүп,
Бир-биринен шекишип,
Семетей менен Айчүрөк
Баркына эми жетишип.
"Алыстан келген канкор" — деп,
Арнаган малын сойдуруп,
"Чарчап келди чаңкап" — деп,
Кымызга мыктап тойдуруп.
Каймакка бышкан нан берип,
Көнөккө салган бал берип.
Казы кертип, жал берип,
Кандыра кара чай берип.
Канча түрлүү аш берип,
Алма, шекер ал берип.
Кант, мейизин төгүлтүп,
Бар тамагын жай берип.
Конок камы бүткөн соң,
Козголду Семең ойлонуп.
Адыми асыл Чүрөктүн,
Отуна күйүп толгонуп.
"Арман кылган чыныгы,
Асыл жарга жеттим" — деп.
Айчүрөккө Семетей,
Аярлады "кечир" —деп.
Аны угуп Айчүрөк,
Жүрөгү күйүп чок болуп.
Ар жорукту түгөнгүр,
Акылында ойлонуп.
"Жоболоңду көп тартты,
Жоголуп колдон шуңкары.
Жолдо узак жооруду,
Жоого минген тулпары.
Кылымды жеңген бул өзү,
Кыраан эрдин кулуну.
Кыйналыптыр мен үчүн,
Кырчылып кийген буулуму.
Түйшүк тартып аябай,
Жол азабын көрүптүр.

Эки көзү төрт болуп,
Түн уйкусун бөлүптүр.
Намыс күчү баатырдын,
Найзага таккан желектир.
Эркек, аял күйүүгө,
Элирткен сүйүү себептир.
Кыйналдырбай ушуну.
Кылайын — деп кызматын,
Ашык жарым эмеспи,
Араң жеткен кыз башым?!"
Айчүрөк антип турганда,
Гүлчоро күлүп муну айтат.
Семетей менен Чүрөккө,
Данакер болуп кубантат.
"Айланайын, абаке,
Акылман туулган, жеңеке!
Айланып араң жеттиңер,
Аңсаган арман, тилекке.
Дабасын эми тапкыла,
Дары издеген жүрөккө!
Кучагыңды жай, аба,
Кумар болгон Чүрөккө!
Аккелтени асынып,
Ай балтаңды байландың.
Айчүрөккө жетем — деп,
Асаба тууңду кармандың.
Айкалышар түн бүгүн,
Ашыктардын көөнү ток.
Канчоро менен Гүлчоро,
Кайгырып ичтен болот чок".
Акундун кызы Айчүрөк,
Алардын оюн билди эми.
Семетейди ээрчитип,
Ак өргөгө кирди эми.
Гүлчоро болуп молдосу,
Канчоро болуп жолдошу.
Семетей менен Чүрөккө,
Ак нике кыйып койду эми.
Күбөөчү болду эчени,
Арачы болду чечени.
Ак төшөккө жатуучу,
Келди эми кезеги.
Алтындан кылган тактага,
Кебезден кылган пактага.
Кастарлуу төшөк салынды,

Камынды Семең жатарга.
Бала жолборс эр немең,
Он бештеги жаш болгон.
Салынып төшөк бүткөнчө,
Араңдан араң токтолгон.
Жатар менен айкашты,
Төшкө төштү жайкашты.
Элиришкен көңүлдөн,
Бирин бири байкашты.
Айчүрөк менен Семетей,
Ашыктыктан бал татты.
Аял, эр кантип унутат,
Ал түнкү таттуу лаззатты.
Талган кирпик илинбей,
Тамаша менен таң сүрдү.
Алтындап нур чачылып,
Ачылып асман күн күлдү.
Акундун кызы Айчүрөк,
Кызыл өңү боз болуп,
Аягын сылтып аярлап,
Араң турду козголуп.
Ал Семетей баатырың,
Атып турду опкоолжуп.
Таң ашырган ат өңдүү,
Таманы кызып октолуп.
Аптаба колго алышты,
Жуунуп кирин агызды.
Кучакташып өбүшүп,
Кумарга булар канышты.
Ал аңгыча кыз-келин,
Аш-тамагын келтирди.
Кымызга канган Семетей,
Кызарып өңү желпинди.
Айчүрөк анда кеп айтат,
Агартып тишин кылайтат:
"Кыз кылган соң жараткан,
Эрге тийбей аял жок.
Эркек бала болгон соң,
Катын албай арга жок.
Жашың өтүп кеткен соң,
Эр, катында пайда жок.
Жаштыктагы кызыктай,
Жалганда бул жыргал жок!
Ашыктыктын дартындай,
Ааламда кыйын курал жок.

Ашык болуп жар сүйүү,
Ар кимдин бар тамаасы.
Гүлчоро менен Канчоро,
Алмамбет, Чубак баласы.
Каралды болор бекен — деп,
Ээчитип келген абасы.
Семетейге бүткөн бул,
Эки көздүн карасы.
Жашы кичүү болсо да,
Берендигин карачы.
Баш кошуп булар кыздарга,
Басылсын жаштык санаасы.
Өлсө кунун алчу мен,
Сатса пулун алчу мен.
Жакшылык менен жамандык,
Өз оюмча салчу мен.
Калыйман менен Бегимжан,
Эки кызды мен берем.
Канчоро менен Гүлчоро,
Кадырынды мен билем.
Кандын кызы Калыйман,
Улуурагың аны ал.
Бектин кызы Бегимжан,
Кичүүрөгүң аны ал".
Кучакташып кыз-жигит,
Кубанды белем курган жан.
Арман менен муңайды,
Айкалышпай кур калган.
Эскертип Чүрөк дагы айтат,
"Эрендер уккун — деп айтат.
Айланайын, Гүлчоро,
Аркалаган ишиң бар.
Кагылайын, Канчоро,
Касташкан душман кишиң бар.
Күнү-түнү күзөтүп,
Ордону багып, жолду чал!
Чыр салып келген кол менен,
Чынкожо менен Толтой бар.
Капылет кокус калбаңар,
Кайгыны башка салбаңар!
Хан абаң менен жеңеңдин,
Каргышына калбаңар!
Калыйман менен Бегимжан,

Кадырга жетер жарыңар!
Толтойду жеңип алган соң,
Тойду анан салыңар!"
Айчүрөктүн айтканын,
Арстан Семең куп алды.
Гүлчоро менен Канчоро,
Кайгуулга чыгып жол чалды.
Муну мындай таштайлы,
Чынкожо менен Толтойдун,
Дүмөгүнөн баштайлы...

Дагы сунуштайбыз